Четверг, 2 мая, 2024
10.1 C
Бишкек

Азия өнүктүрүү банкынын президенти ноябрда Кыргызстанга келет

Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) президенти Масацугу Асакава өлкө башчы Садыр Жапаровдун чакыруусу менен үстүбүздөгү жылдын ноябрында Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Сапардын алкагында АӨБ менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыктын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы, ошондой эле АӨБ тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлор менен таанышуу жана жогорку деңгээлде эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров менен Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) президенти Масацугу Асакава менен жолугушкан.

Тараптардын жолугушуусу Дүйнөлүк банк тобунун жана Эл аралык валюта фондунун Жазгы жолугушууларынын алкагында АКШнын Вашингтон шаарында өткөн.

Анда Кыргызстан менен АӨБ ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү маселелери, атап айтканда АӨБ тарабынан каржыланган учурдагы долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар