Четверг, 2 мая, 2024
22.1 C
Бишкек

А.Жапаров эл аралык каржы компаниялардын жетекчилери менен жолугушту

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Вашингтонго (АКШ) болгон жумушчу сапарынын алкагында ири эл аралык “Ситибанк” банкынын жетекчилиги менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташууну улантуу, каржы жана инвестиция тармагында мындан аркы өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө ниетин билдиришти.

Сити Банктын жетекчилиги республиканын экономикасын өнүктүрүүгө жана финансылык туруктуулукту чыңдоого салым кошкон финансылык долбоорлорду колдоого кызыкдар экенин билдирди.

Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Rotschild & Co компаниясынын башкармалыгынын мүчөсү Ариэль Малар де Ротшильд менен жолугушуп, каржы тармагындагы кызматташуунун келечегин талкуулады.

Rotschild & Co директорлор кеңешинин мүчөсү Ариэль Малар де Ротшильд компаниянын Кыргыз Республикасы менен мындан ары кызматташууга, экономиканы модернизациялоого, каржы системасын жана тоо-кен тармагын чыңдоого салым кошкон долбоорлорду колдоого кызыкдар экенин билдирди.

Тараптар диалогду улантуу жана өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө мындан аркы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө ниетин ырасташты.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар