Пятница, 3 мая, 2024
18.1 C
Бишкек

Ишкер Имамидин Ташов кармалды

Издөөдө жүргөн «KG Групп» курулуш компаниясынын башчысы Имамидин Ташов  22-апрелде Чүй облусунун Кайыңды айылында кармалды.

Улуттук коопсуздук кызматы билдиргендей, Ташов бийликти басып алуу үчүн каршылык акциясын өткөрүү максатында убактылуу штаб уюштурууну пландап Алматыдан Кара-Балтага келе жатканда колго түшүрүлгөн.

Эскерте кетсек, былтыр октябрда Имамидин Ташов бала бакча курула турган жерге көп кабаттуу 2 үйдү куруп, батирлерди сатканына байланыштуу кармалып, 52 млн. сом төлөгөн соң үй камагына чыккан.

Көп өтпөй, 9-январда социалдык тармактарга Ташовдун видео кайрылуусу жарыяланган. Анда аны УКМКнын кызматкерлери күч менен алып кетип, 8 күн белгисиз жерде кармап, 100 миллион сом талап кылышканын айткан.  Бирок, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев анын айткандарын четке каккан.

10-январда УКМК Имамидин Ташовго Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, издөө жарыяланган. Атайын кызмат Ташов тергөө абагында отурганда активист Тилекмат Кудайберген уулу менен телефондон сүйлөшкөн видеосун чыгарып, өлкөдө башаламандык уюштурууну көздөшкөнүн кабарлаган. Ошондон кийин анын кайда экени белгисиз болчу.

Учурда тиешелүү тергөө иштери журүп жатат.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар