Суббота, 4 мая, 2024
14.1 C
Бишкек

Акылбек Жапаровдун АКШнын бир катар шаарларына болгон жумушчу сапары аяктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Америка Кошмо Штаттарынын бир катар шаарларына болгон жумушчу сапары аяктады.

Белгилей кетсек, Акылбек Жапаров баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы Вашингтондо өткөн Эл аралык валюта корунун жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жолугушууларына катышты.

Жазгы жолугушуулардын алкагында Дүйнөлүк банктын, ЭВФтин, USAIDдин, Америка-Кыргыз Соода палатасынын, Азия инфраструктуралык инвестициялык банкынын, Азия өнүктүрүү банкынын, Европа инвестициялык банкынын, Эл аралык каржы корпорациясынын, Franklin and Templeton инвестициялык компаниясынын, Citibank эл аралык банкы, Rotschild & Co компаниясы, Эл аралык Республикалык Институт (IRI), «Alvarez & Marsal» консалтинг компаниясынын жетекчилиги менен жолугушуулар өткөрүлдү.

Вашингтондо төмөнкү эки тараптуу документтерге кол коюу аземи болду:
— Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү” долбоорун ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасына 35 млн АКШ доллары суммасында каржылоону берүү жөнүндө макулдашуу;
— Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган 7,64 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү «Айылдарды суу менен камсыздоону жана канализацияны туруктуу өнүктүрүү» долбооруна экинчи кошумча каржылоо маселеси жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуу.

Сүйлөшүүлөрдүн алкагында Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбоорунун алкагында кызматташуу жана башка тармактарга инвестиция тартуу боюнча макулдашууларга жетишилди.

Мындан тышкары, Вашингтондогу жумушчу сапарынын алкагында министрлер кабинети менен Google корпорациясынын ортосунда билим берүүнү трансформациялоо жаатындагы кызматташтыктын мындан аркы кадамдары боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюу аземи болду. Минкаб башчысы Акылбек Жапаров өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө «Алтын Казык» мектеп билим берүү системасын трансформациялоо программасын тааныштырды.

Акылбек Жапаров баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы бир катар технологиялык корпорациялардын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Атап айтканда, алар Apple Inc компаниясынын башкы кеңсесинде болушту. Сан-Францискодо Nvidia корпорациясынын башкы кеңсеси, Hewlett-Packard Company америкалык корпорациясынын кеңсеси, ошондой эле венчурдук инвестор жана ишкер Тим Дрейпер менен жолугушуу өткөрүлдү.

Иш сапардын алкагында Силикон өрөөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын үйүнүн (HTP House in Silicon Valley) ачылышы болду.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар