Суббота, 4 мая, 2024
15.1 C
Бишкек

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга келет

Үстүбүздөгү жылдын 22-23-апрелинде Улуу Британиянын тышкы иштер министри Лорд Дэвид Кэмерон Кыргызстанга расмий сапары менен келет. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын сүйлөшүүлөрү орун алып, анын алкагында кыргыз-британиялык кызматташтыгынын келечеги жана перспективалары кеңири талкууланат.

Ошондой эле, Лорд Кэмерондун Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушуулары пландалган.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар