Суббота, 4 мая, 2024
14.1 C
Бишкек

Акылбек Жапаров Улуттук форумга катышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Өлкө аймактарын өнүктүрүү үчүн интеллектуалдык менчик жана инновациялар: ийгиликтүү келечекке бирге” Улуттук форумда сөз сүйлөдү.

Өз сөзүндө министрлер кабинетинин башчысы «Бүгүнкү күндө инновациялык экономикада, интеллектуалдык менчик социалдык-экономикалык өсүштүн жана инвестиция тартуунун кыймылдаткыч күчүнө айланып жатканын. Интеллектуалдык менчиктин экосистемасын өнүктүрүү, анын ичинде рыноктук инфраструктураны, экономиканын реалдуу секторунда инновациялык чечимдерди ишке ашыруу үчүн интеллектуалдык менчикти коммерциялаштыруу механизмдерин калыптандыруу маанилүүлүгүн» белгиледи.

Ал ошондой эле инновациялык инфраструктуранын элементтеринин маанилүүлүгүн белгиледи, алсак, «40 район – 40 демилге» долбоору, ал аймактардагы маанилүү инновациялык долбоорлорго жана стартаптарга стимул гана бербестен, алга жылдырат.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар