Суббота, 4 мая, 2024
14.1 C
Бишкек

Садыр Жапаров Франция Сенатынын делегациясын кабыл алды

 Президент Садыр Жапаров бүгүн “Франция-Борбордук Азия” достук тобунун башчысы Эрве Морэ жетектеген Франция Сенатынын делегациясын кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө саясий, инвестициялык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кыргыз-француз эки тараптуу мамилелери тууралуу пикир алмашуу болду.

Француз сенаторлору менен саламдашып жатып, мамлекет башчысы Кыргызстан Франция менен ар тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө маани берерин, ал өлкөнүн тышкы саясатында батыш багытындагы артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи.

Президент Садыр Жапаров парламенттер аралык байланыштарды бекемдөө, анын ичинде өз ара сапарларды, парламентарийлердин жолугушууларын уюштуруу аркылуу өлкөлөр ортосундагы саясий диалогду өнүктүрүүдө маанилүү роль ойноорун баса белгиледи.

Тараптар туризмди өнүктүрүү жаатында эки өлкөнүн кызматташтыгынын келечеги тууралуу пикир алмашты. Садыр Жапаров француз сенаторлорунун Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында Нарын, Каракол, Жыргалаң жана Ысык-Көлгө баруу ниетин кубаттады.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров Франция Сенатынын өкүлдөрүнө Кыргызстандагы ички саясий кырдаал, акыркы үч жылдагы социалдык-экономикалык жетишкендиктер тууралуу кыскача маалымат берди.

Өз кезегинде Франция Республикасынын Сенатынын “Франция — Борбордук Азия” достук тобунун башчысы Эрве Морэ Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү оң өзгөрүүлөрдү, калктын бакубаттуулугунун деңгээлинин көтөрүлгөнүн жогору баалады. Франциянын Сенаты Кыргызстандын жетекчилигинин, анын ичинде Франция менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө багытталган аракеттерин колдоого даяр экендигин баса белгиледи.

Эрве Морэ белгилегендей, бул сапар тараптардын саясий өңүттөгү эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө багытталган аракеттеринин жыйынтыктарынын бири болуп саналат.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар