Воскресенье, 5 мая, 2024
15.1 C
Бишкек

Ататүрктүн эстелигине гүлчамбар коюлду

23-апрель Улуттук эгемендүүлүк жана балдарды коргоо күнү жана Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын ачылышынын 104 жылдыгына карата Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги Ататүрк сейил багындагы Ататүрктүн эстелигине гүлчамбар койду.

Аземге Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган, элчиликтин кеңешчилери жана өкүлдөрү, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору,  профессор Алпаслан Жейлан жана профессордук-окутуучулук курам, Бишкек билим берүү консультанциясына караштуу мектептердин жогорку жетекчилиги, Кыргызстандагы Түркия элчилигинин билим берүү кеңешчилигине караштуу мектептердин жетекчилери, мугалимдери, окуучулары жана ЖМК өкүлдөрү катышышты.

Алгач, Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги, андан соң Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректораты, Түрк Кызматташтык жана координация агенттигинин Бишкек кеңсеси (TİKA), Түрк-Кыргыз ишкерлери, маданият, тилектештик жана достук биримдиги (TÜKİD) жана Кыргызстандагы Ахыскалык түрктөр ассоциациясы гүлчамбарларды коюшту.

Ататүрк жана анын куралдаш жолдошторун, бардык шейиттерди бир мүнөт эскерген соң, Түркия Республикасынын улуттук гимни жаңырды.

Элчи Доган иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө: “Улуттук эгемендүүлүгүбүздүн пайдубалы түптөлүп жаткан мезгилде түрк элинин бардык курактагы адамдары биримдик жана ынтымакта талыкпай күрөштү”,-деп түрк элинин көз карандысыздык жана келечек үчүн күрөшү улантылып жатканын билдирди.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар