Воскресенье, 5 мая, 2024
11.1 C
Бишкек

Анаркүл НАЗАРКУЛОВА, Кыргыз эл артисти: «Кинодо кадимкидей эле жашадым»

Жакында эле режиссер Руслан Акундун “Бейиш эненин таманында” аттуу тасмасы жарык көрдү. Режиссердун айтымында фильмди тартууга 1 жыл 2 ай убакыт кеткен. Тасма 7 өлкөдө: Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан, Түркия, Сирия, Египетте тартылган жана 5 тилге (өзбекче, казакча, түркчө, орусча жана арабча) которулуп жатат. Ошондой эле англис тилиндеги субтитр коштойт.

– Анаркүл апа, сиз тартылган “Бейиш эненин таманында” тасмасы учурда чоң резонанс жаратып жатат. 1-марттан баштап театрларда коюла баштады эле, көрүүгө кызыккан, ашыккан кино сүйүүчүлөрдүн агымы эми укмуш. Театрга баргандар билетти 3 жумадан кийинки сеанстарга алып жатышканын угуп жатабыз.

– Ооба. Менин бир балам “Манас” кино театрында иштейт. Ал дагы айтып жатат. “Апа, билеттер тынымсыз өтүп жатат. Бизде мындай учур буга чейин боло элек болчу”, – дейт.

– Бул тасмага кандайча катышып, кандайча башкы каармандын ролун ойноп калдыңыз?

– Буйрук экен. Мага Жараткан ушундай чоң бакытты буйруптур. Тасманы тартуу иштери ковидге чейин эле башталган. 2019-жылы Акылбек байкеңер ооруп калды. Операция жасатыш керек болду. Мен жолдошумду карап ооруканада болчумун. Мага Эмиль телефон чалып калды. “Сизди видео пробага тарталы дедик эле”, – деди. Мен ооруканада экенимди айтып, азыр шартым туура келбейт, тартыла албайм го десем: “Апа, сиздин көп убактыңызды албайбыз. Ооруканадан алып кетип, кайра бат эле жеткирип коебуз”, – деп калды. Акылбекке айтсам, каршы болгон жок. Балдардын бирин чакырып, атасынын жанына коюп барып тартылып келдим. Кийин канча бир убактан кийин, үнүмдү жаздырып кетишти. Ошо бойдон мага эч кимден чалуу деле болгон жок. Оюмда өтпөй калган окшойм дедим. Ал видео проба тууралуу унутуп деле калыптырмын. Арадан бир нече ай өткөндөн кийин, менин сүрөтүмдү сурашты: “Түркияга, Руслан Акунга жиберет элек”, – дешип. Руслан Түркияда жашайт эмеспи. Кызым 4-5 сүрөтүмдү жиберди. Ошондон кийин гана менде кызыгуу пайда болуп, чыдамсыздык менен алардан жооп күтүп жүрдүм. Ортодон бир жума өттү жок, эки жума өттү жок. Аягында чый-пыйым чыгып, чыдабай өзүм телефон чалып жибердим (күлүп). “Буюрса сиз өттүңүз. Руслан Акун сизди гана тартабыз деп чечти”, – деген жоопту угуп аябай кубанып калдым. Ал аңгыча коронавирус башталып кетти. Ошо менен пандемия жарыяланып, эч ким эч кимге жолуга албаган апаат болуп кетпедиби.

– Башкы ролду ойной турган адамды тандоо өтө эле кыйынга турган окшойт?

– Албетте, Кыргызстанда жалгыз эле мен эмесмин да. Керек болсо менден да таланттуу, менден да күчтүү актер, актрисалар бар. Көп киши ойногусу келди. Бул роль көп кишиге керек болгон окшойт. Русландын гана тандоосу, чечими менен мен тартылып калдым көрүнөт. Команда мени тандап, мага токтолгону менен, мен арсар ойдо болдум. Абышкам төшөктө ооруп жатса, командировкалап кантип кетип калам дедим. Жолдошумдан, балдардан уруксат сурадым. Акылбек агаңар: “Сөзсүз тартылышың керек. Азыр мага карап ролдон баш тартып койсоң, кийин өмүр бою өкүттө каласың. Биз бир айласын таап турабыз. Сен барып тартылып кел”, – деди. Балдарым, кыздарым да колдошту.

– Сизге кино аркылуу Меккеге барып келүүнү насип эткен экен. Мурда-кийин ажылык тууралуу ойлонуп, ниет кылчу белеңиз?

– Ачыгын айтсам, ушул жашка чейин бир да жолу Меккеге баруу жөнүндө ойлонбоптурмун. Билбейм, эмнеге? Балким, бизде жетиштүү каражат болбосо кайдан десем керек. Ажылыкка барып келүү үчүн баланча миң доллар керек дегенди угуп эле жүрөбүз да. А биз айлыктан айлык күтүп жашап келдик. Ошондон болсо керек, менимче.  Жараткан сүйүктүү пенделерине буюрат экен. Кудайга миң мертебе шүгүр. Кино тартканга чейин бир күн мурун атайын зыярат кылдык. Кааба ташын айланып, Арафат тоосуна чыктык. Ушунчалык жеңилдикти сездим. Күч-кубат алдым. Ал сезимдеримди сөз менен жеткире албайм. Касиеттүү ыйык жерде жакындарымдын бардыгы үчүн дуба кылдым. Келгенден кийин балдарыма сөзсүз барып келгиле, ажылыкты ниет кылгыла дедим.

– Театрда 50 жылдан бери эмгектенип, канча деген ролдорду ойнободуңуз. Бирок, ушул тасма сиздин жылдызыңызды жандырып, популярдуулук алып келгендей.

– Калп айткан менен болобу. Өзүң айткандай театрда эмне деген ролдорду ойнободум. Бирок, ушул тасма чыккандан бери көчөдөн көргөндүн баары чуркап келип учурашып, улуу-кичүү баары бирдей сүрөткө түшүп жатышат. Телефондун үнү тына элек. Тынымсыз чалуулар, чакыруулар болууда. Бирөөсүнө макул болсом, экинчисине кечирип койгула деп баш тартып жатам. Анткени, жер суунун баарына эле бара берип, бир эле нерсени кайра-кайра айта берип, элди тажатып албайын деп жатам. Акылбек агаңарга “Кыргыз Туусу” чакырып жатат десем: “Кыргыз Туусу” болсо бар. Ал жерге сөзсүз барышың керек”, – деди.

– Тасмада сиз үчүн кыйынчылык жараткан жана ырахат тартуулаган кадрлар кайсылар болду?

– Киного баштан аяк ырахаттануу менен тартылдым. Ал тургай кинодо кадимкидей эле жашадым десем болот. Райхандын образы мага окшош, жакын болгон үчүнбү? Айтор, ар бир эпизодду эргүү менен ойнодум. Чү дегенде эле кинодогу балам экөөбүз жашаган үйүбүз, кудум менин бала кезде чоңойгон үйүмө окшош болуп калганы абдан кубандырды. Биздин үйүбүздө да кудум, кинодогудай верандабыз бар эле. Тандырга нан жапкан, сүт, каймак тарткандын өзү кандай ырахат. Ошол эле Арафат тоосуна чыгуу, кандай бакыт болду. Ал эми кыйынчылык жараткан кадр бул – Адилдин денесине оролгон чынжырды чечүү үчүн кулпуну араалаган жери болду. Ошол эпизод үч дубль менен тартылды, мен үч кулпу арааладым. Темирди темир менен араалаш өтө кыйын экен. Адил экөөбүздү ошол жерде жүздөгөн кишилер карап турду да. Ошончо кишинин убактысын, мээнетин, аракетин текке кетирбесем экен деп бушайман болдум ичимден.

– “Бейиш эненин таманында” фильми 7 өлкөдө тартылыптыр. Сизге 7 өлкөнү бирдей кыдыруу же улам сайын климат алмашуу кыйынга турган жокпу?

– Кудайга шүгүр, фильмди тартуу учурунда ден соолугума байланыштуу маселе жаралган жок. Башында мени командадагы балдар атайын врачыма алып барышып: “Апанын эмнеси ооруйт? Кандай дарыларды ичет? Чет жактан ооруп калса, иче турган дарыларын издеп таппай калбайлы, алдын ала жазып берип коюңуз”, – дешип бир пакет дары сатып алышкан. Бирок, алардын бирөөсүн дагы ичкеним жок. Мен башынан көп дары ичпегенге аракет кылам.

– Бул сиздин алгачкы киноңуз эмес экенин билебиз. “Сүтак”, “Мега той” да ийгиликтүү тасмалардан болгон. Кино жаатына кайсы жылдары келип кошулдуңуз?

– Мен киного аябай эле кеч келдим. 2010-жылдардан баштап тартыла баштадым. “Сүтак”, Мега той”, “Эсимде” деген толук метраждуу, андан сырткары, “Өмүр”, “Умай”, “Жашыл дарбаза” ж.б. кыска метраждуу фильмдерге түшкөм. Эрнис Абдыжапаров, Мирлан Абдыкалыков сыяктуу көптөгөн мыкты режиссерлор менен иштешип келе жатам. Ар биринин артыкчылыктары, өзгөчөлүктөрү, баалуулуктары бар. Бирине бирин салыштырып болбойт. Ошентсе да мен Русланга баа бердим. Бул жаш болсо да, көрөгөч, өз ишин мыкты билген жигит экен. Команданы түзө билгени, башкара билгени мени таңдандырды. Кинону баштан аяк тартып бүткөнчө канча деген кишини жетектеди. Бизди кыргыздарды гана эмес, 7 өлкөдөн чогулган жамаатты башкара алды. Бизди ар бир өлкөдө жүздөгөн кишилер даярданып тосуп алып жатты. Казакстандын, Өзбекстандын, Түркиянын ж.б. мамлекеттердин мен деген таланттуулары менен жолуктук. Русландын мыктылыгы үчүн сыймыктандым. Бул бала менен иштешүү абдан жеңил экен.

– Руслан Акун менен биринчи жолу иштештиңизби?

– Жок. Буга чейин “Рецепт счастье” деген фильмине тарткан. “Бейиш
эненин таманында” бул биздин бирге иштешкен экинчи долбоорубуз болду. Бул сапар мен Русланды адам катары да, режиссер катары да абдан жакшы тааный алдым. Кино башталганда эле “Оо Жараткан….” деп Кудайга жалынат эмесминби. Ошол жерден эмнегедир муун-жүүнүм бошоп ыйлагым келе берди. Ошондо Руслан: “Апа, ыйлабаңыз. Сиз ыйлабашыңыз керек”, – деди. Мени аягына чейин ыйлаткан жок. Көрсө, ал Райханды кайраттуу, күчтүү аял катары көрсөткүсү келиптир. Көрсө, ыйлактаган, бышактаган аял болгондо Меккеге бара алмак эмес экен. Руслан мени ыйлатпаган үчүн, азыр кинону көргөндөр ыйлап жатат.

– Дагы киного тартылуу оюңузда барбы?

– Албетте, оюмда бар. Бирок, мындан ары сунуштар түшөбү жокпу, бир Кудай билет.

– Эмнеге?

– Мага бул тасма аркылуу чоң дөөлөт келген сыяктуу. Эми ушул дөөлөттү кандай көтөрүп, кандай барктап алганыма байланыштуу…

Анара Арзыбай кызы, “Кыргыз Туусу”

 

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар