Воскресенье, 5 мая, 2024
23.1 C
Бишкек

А.Жапаров:»Жакынкы 3 жылда бюджетти 1 трлн. жакындатуу прогноздору бар»

Жакынкы 3 жылда Кыргызстандын бюджетин 1 триллионго жакындатуу боюнча жакшы прогноздор бар. Бул тууралуу өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча президенттин администрациясынын коллегиясынын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Ал Эл аралык валюта фонду өлкөнүн экономикалык өсүү болжолун кайра карап чыкканын, Дүйнөлүк банк да Кыргызстандын экономикасы боюнча божомолун жакшыртканын билдирди.

Министрлер Кабинетинин башчысынын айтымында, Экономика жана соода министрлиги 2024-жылга карата ички дүң продукциянын көлөмү 1 триллион 410 миллиард сомдон ашат деп болжолдоодо, ал эми реалдуу өсүү темпи 6 пайызды түзөөрү күтүлүүдө. Инфляция 2023-жылы 13,9%дан 10,8%га төмөндөдү жана 2024-жылга карата 5,5%дан 6,5%га чейин болушу болжолдонууда.

«Биз 2024-жылдын биринчи кварталын 8,8% өсүш менен аяктадык. Өлкөнүн бюджетинин киреше бөлүгүн дээрлик үч эсеге көбөйттүк. 2023-жылы консолидацияланган бюджет 575 миллиард сомдон ашты, ал эми 2024-жылга 600,7 миллиард сом пландалууда, бирок Каржы министрлиги бул көрсөткүчтөн ашат деп болжолдоодо», — деди ал.

А.Жапаров ошондой эле мамлекеттик банктарды, өнүктүрүү фонддорун, мамлекеттик ишканаларды жана компанияларды өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.

«2020-жылы пандемия учурунда мамлекет бир заводду өнүктүрүүгө каражат таппай калган. Бүгүнкү күндө өндүрүш линияларын кеңейтип, завод-фабрикаларды, ишканаларды жаңылоого каражат бөлдүк. Садыр Нургожоевич ишкерлерге жана инвесторлорго реалдуу жагымдуу шарттарды түзүү боюнча бир катар чечимдерди кабыл алды. Жакынкы жылдарда бул заводдор жана ишканалар мындан да жогорку натыйжаларды бере башташат деп ишенем», — деп сөзүн жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар