Суббота, 27 апреля, 2024
7.1 C
Бишкек

Жалал-Абадда базар курулуп, стадион оңдолот

Жалал-Абадда базар куруп, стадион жана жолду оңдоо пландалууда.

Сатып алуулар порталында маалымдалгандай, Жалал-Абад шаардык жолдор башкармалыгы Индустриальная (Абдырахманов) көчөсүнүн айланма жолдон Осмонов көчөсүнө чейинки бөлүгүн капиталдык оңдоого тендер жарыялады. Сметалык баасы 152 млн. 800 миң сомду түздү.

Ал эми Капиталдык курулуш департаменти Манас көчөсүндөгү Курманбек стадионун оңдоого 48 млн. 294 миң 900 сомго тендер жарыялады.

Ошондой эле “Телтору” ипподромунун аймагында 20 млн. сомго ачык муниципалдык базар куруу үчүн долбоордук-сметалык документтерди (ДСБ) даярдоого тендер жарыяланды.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар