Воскресенье, 28 апреля, 2024
3.1 C
Бишкек

Жалпы республикалык тестирлөө 17-25-майда өтөт

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө 17-майдан 25-майга чейин өтөт. 

ЖРТга каттоо 2023-2024-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү үчүн окуп жаткан окуу жайларында жана мурунку жылдары бүткөн бүтүрүүчүлөр үчүн негизги жашаган жеринде жайгашкан райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө онлайн жүргүзүлөт.

Каттоодо бүтүрүүчүлөрдө төмөнкү документтер болушу керек:

— паспорттун оригиналы (эгер паспорт ала элек болсо туулгандыгы тууралуу күбөлүк, өздүгүн аныктаган күбөлүк);

— орто билими тууралуу аттестаттын оригиналы (былтыркы жылы бүтүргөндөр үчүн);

— ЖРТга каттоо төлөмүн төлөгөнү тууралуу квитанция;

— талапка туура келген электрондук сүрөт.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар