Суббота, 27 апреля, 2024
8.1 C
Бишкек

40 миңге жакын мугалим билимин тереңдетти

Кыргызстанда «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында пилоттук 1200 мектептеги 39 миң 410 педагог окутуудан өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашып жатат жана дагы 20 миңдей мугалим тренингден өтөт.

— «Санариптик сабаттуулук» программасы боюнча – 22 миң 540 мугалим;
— «Инновациялык педагогикалык технологиялар» программасы боюнча – 5 миң 390 башталгыч класс мугалими;
— «Инновациялык педагогикалык технологиялар жана STEM билим берүүнүн негиздери» программасы (математика, химия, физика, биология жана география) боюнча – 5 миң 760 мугалим;
— «Коррекциялык окутуунун техника жана ыкмалары» программасы боюнча – 5 миң 720 мугалим окутулган.

Бардык программалар боюнча окутуулар онлайн жана оффлайн режимде өткөрүлүп жатат. Тесттерди ийгиликтүү тапшырган мугалимдер Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун сертификаттарын алышат.

Белгилей кетсек, «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында бир нече багыттар боюнча жалпы 59 миңдей педагогдун билимин жогорулатуу пландалган.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар