Четверг, 9 мая, 2024
29.1 C
Бишкек

Кызамыкка каршы эмделбеген окуучулардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Бишкекте кызамыкка каршы эмделбеген окуучулардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, №64, 20, 62 мектептердин окуучуларынын ата-энелери менен жыйын өтүп, анда Мамлекеттик санэпидкөзөмөл борборунун адистери Бишкек шаарында кызамык оорусу боюнча учурдагы жагымсыз эпидемиологиялык абал боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Бишкек шаарында 2023-жылы 2307 кызамык оорусу катталса, 2024-жылдын акыркы 2 айында 1072 учур катталды.

Жыйындын жыйынтыгында саламаттык сактоо органдарынын, билим берүү уюмдарынын, муниципалдык аймактык башкармалыктарынын, кварталдык жана үй комитеттеринин биргелешкен иш-аракеттерин балдарды кызылчага каршы эмдөө боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин активдештирүү балдарда активдүү иммунитетти түзүү ыкмасы чечими кабыл алынды.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар