Суббота, 27 апреля, 2024
3.1 C
Бишкек

Салык кызматы Соцфонддо автоматтык түрдө эсептик каттоо кызматын ишке киргизди

Мамлекеттик салык кызматы Социалдык фонд менен биргеликте жеке ишкерлерди жана юридикалык жактарды мамлекеттик каттоодон өткөрүүдө Социалдык фонд органдарында автоматтык түрдө эсептик каттоо боюнча кызматын ишке киргизди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле бул кызмат cabinet.salyk.kg.сайты аркылуу жеке ишкерлерди жана юридикалык жактарды онлайн каттоодон өткөрүү учурунда жеткиликтүү болот.

Эми салык төлөөчүлөргө жеке ишкерлерди жана уюмдарды каттоодо Социалдык фонд органдарына каттоо үчүн кошумча кайрылуунун кажети жок.

Каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документ катары STI-025 формасындагы салык төлөөчүнүн каттоо картасы берилет.

Бул карта салык режиминин негиздерин, каттоо номерин жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүнүн тарифтерин камтыйт.

«Жаңы сервис ишкерлерди салык органдарында каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө жана бизнес үчүн жагымдуу экономикалык климатты түзүүгө багытталган», — деп билдирди мекеме.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар