Суббота, 27 апреля, 2024
3.1 C
Бишкек

КРВИ жана сасык тумоого чалдыккандар көбөйүүдө

Кыргызстанда өткөн аптада КРВИ (курч респиратордук вирустук инфекция) жана сасык тумоого чалдыккандар көп катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Оперативдик маалыматтарга ылайык, акыркы жумада республика боюнча КРВИ жана сасык тумоонун 6 миң 578 учуру катталды, бул мурунку жумага салыштырмалуу +20,7%га көп. Ооругандардын ичинен 67%ын 14 жашка чейинки балдар түзөт.

Октябрь айынан тарта 1810 бейтаптан анализ алынды, лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча эпидсезон сасык тумоонун А/Н3N2 түрү менен негизделет.

КРВИнин циркуляциясы байкалууда, алардын ичинен көбүрөөк риновирус 32,6%, респиратордук-синцитиалдык вирус 25,1%, парагрипп 17,2% жана башка вирустар 25,1% түзөт», — деп айтылат маалыматта.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар