Четверг, 9 мая, 2024
15.1 C
Бишкек

Диний-экстремисттик уюмдун мүчөсү кармалды

“Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү Кант шаарынын 1986-жылы туулган Р.А. аттуу тургуну кармалды. Бул тууралуу Чуй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милициянын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы Facebook социалдык түйүнү аркылуу Кыргызстанда тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» уюмуна тиешелүү материалдарды таратуу менен алектенген баракчаны аныктаган. Алынган материалдар Соттук экспертизанын корутундусуна ылайык, «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмуна таандык экендиги тастыкталган. Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Эстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу» беренеси менен кылмыш иши козголуп Р.А. аттуу жаран кармалган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө ал диний-экстремисттик уюмга тиешелүү материалдарды жайылтуу менен алектенгенин мойнуна алган.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар