Среда, 8 мая, 2024
20.1 C
Бишкек

Равшан Жээнбековдун жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековдун жер тилкеси мамлекеттин пайдасына кайтарылды. Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Талас облусунун Киров суу сактагычынын жээгинде жайгашкан жалпы аянты 4 гектар болгон «Эдельвейс-Тур» эс алуу жайы мамлекетке ыктыярдуу түрдө кайтарылды.

Баалоо экспертизасынын корутундусуна ылайык бул эс алуу жайынын баасы 16 млн. 871 миң сомду түзөт.

«Аталган жер тилкеси 2000-жылдардын аралыгында КР Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун жетекчиси болуп турган Равшан Жээнбеков менен аффилирленген жактарга мыйзамсыз берилгени аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар