Среда, 8 мая, 2024
26.1 C
Бишкек

А.Тыныбекова дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга чыкты

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) маалыматы боюнча биринчи орунга чыкты.

Аталган уюмдун сайтында Түркиянын Анталия шаарында өткөн Yasar Dogu, Vehbe Emre & Hamit Kaplan эл аралык мелдешинен кийин жаңыланган рейтинг жарыяланды.

Айсулуу Тыныбекованын (62 кг) аталган турнирде 58 миң балл менен алтын  тагынышы анын рейтингдин сап башына чыгышын шарттаган.

Тыныбековадан кийин экинчи орунга япониялык спортчу Сакура Мотоки илинсе, экинчиликте новергиялык Грэйс Якоб Буллен турат.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар