Четверг, 26 декабря, 2024
-10.9 C
Бишкек

350 млн. сомдук автобекет жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылды

Ноокатта менчикке өтүп кеткен 350 млн сомдук автобекет жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылды.

УКМК билдиргендей, жалпы аянты 0,52 гектар болгон «Ноокат автобекети» 2000-жылдары мыйзамсыз менчиктештирилген.

Учурунда объект райондун калкын автобекет катары тейлөөнү камсыз кылуу, тиешелүү шарттарды түзүү, анын ичинде аймакты асфальттоо, айдоочулар үчүн кафе, бөлмөлөрдү куруу жана оңдоо, жашылдандыруу максатында сатылган. Бирок ушул убакка чейин келишимде көрсөтүлгөн пунктулардын бири да аткарылбай, коммерциялык максатта колдонулган.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар