(Эскерүүлөр)
1978-жылы СССР ИИМин армиянын генералы А.Щёлоков, ал эми Кыргыз ССР ИИМин милициянын генерал-майору А.Габидулин жетектесе, Нарын ОИИБ начальниги полковник Ю.Төлөнов болчу. Эгемен мамлекет болгондон кийин ИИМ курамынан бөлүнүп кеткен айрым бир кызматтар министрликтин курамында эле.
Юсупалы Төлөнович таза, жөнөкөй, улуу-кичүүгө бирдей мамиле жасаган, үйүнөн ишке чейин жөө баскан жетекчи. Кийин ички иштер министринин биринчи орун басары болуп которулуп кетти.
Анын ордуна милициянын подполковниги В.Бондаренко келди. Василий Павлович көпчүлүк учурда форма менен жүрчү, бизге окшогон жаш кызматкерлерге абдан сүрдүү болуп көрүнчү. Бир күнү мени башкармалыкка чакыртып калышты. Кадрлар бөлүмүнүн начальниги майор А.Момункулов ээрчитип алып жетекчиге киргизди.
Мен университетте сырттан окучумун. В.Бондаренко университеттин кайсыл курсунда окуурумду сурады.
– Үчүнчү курста, – дедим.
– Эртеңден баштап ички кызматтын подполковниги А.Соронбаевдин карамагына барасыз. Ал жерде склад башчы же “курал-жарак мастери” деген кызмат бар, ал орунда таза, так иштеп бериңиз, – деп калды.
Эртеси келип бул кызматтын чоо-жайын толук билдим. Көрсө, бул кызматта иштеп турган жигит “Кол тийгис запаста” турган “Макаров” тапанчасын огу менен теңтушу сураса, берип коёт. Кырсыкты кайдан деп болот, теңтушу үй-бүлөсү менен кажы-кужу болуп, ошол курал менен колуктусун атып алат. Тезинен түзүлгөн комиссия складды текшерип чыкса, көп аскердик буюмдар жетпейт. Ал кез бир пачка ширеңке, ар бир тыйын болуп эсепте турган так заман.
Жаңы кызматта бир топ иштеп калган болчумун. Бир күнү Василий Павлович чакыртып: “Алматыда Москвага түз баш ийүүдөгү ВОУМТ и ВС (Восточное управления материально-технического и военного снабжения) деген мекеме бар экендигин билесизби?” – деп сурады.
– Жок , – дедим.
– Ошол мекеме Орто Азия республикаларынын ички иштер министрликтерин автотехника, күйүүчү-майлоочу майлар, курал-жарак, ок-дары ж.б. керектүү буюмдар менен камсыз кылып турат. Биздин складдан жетпей калгандарды ошол чоң мекеменин 4-бөлүмүндө иштеген эки жигит, эки кыз чечет экен. Мен башка бирөөлөрдөн дагы консультация алып көрдүм. Алматыга эки жолу жооптуу кызматкер жиберсек, аталган буюмдарды эсептен чыгарта албай келди. Сиз барып бул ишти бүтүрүп келе аласызбы? – деди.
Мен жооп бергенче, начальниктин орун басары Токтожума Жээналиев сөзгө аралашып:
– Биз сага ишенебиз, бул жумушту кынтыксыз кылып өз ордуна коюп келе аласың, – деди.
Василий Павлович сөзүн улап:
– Бир жумага командировочный жаздыртыңыз, мен кол коюп берейин, биротоло “Медео” муз аянтчасын да көрө келиңиз, – деди.
Бир жагынан жетекчилеримдин ишеничи чоң дем берсе, экинчи жагынан мындай иш башымдан өтпөгөндүктөн кеңеш суроо үчүн айылга атама бардым. Анткени, атам кезинде Ат-Башы райондук ревкомдо жооп-туу кызматкер, Киров атындагы колхоздо кой ферма башчы, Улуу Ата Мекендик согуштан II-топтогу майып болуп келип кийин Ат-Башы токойчулугунда 40 жылга чукул токойчу жана башкы токойчу болуп иштеген киши эле.
Менин сөзүмдү угуп:
– Жетекчилериң сени сынап жаткан тура, бул өзү жакшы жышаан, – деп кеңештерин берди.
Ошентип Алматыга жөнөп кеттим. Мейманканадан орун алып, эртеси аталган мекемеге бардым. Ал убакта ВОУМТ и ВСнын бөлүмдөрү көп, арасында Кыргызстанга куратор болгон кызматкерлер да бар экен. Эсептен чыгаруу маселесин түз чече турган орус улутундагы эки сары кыз менин келээримди билип, күтүп жатышыптыр.
Кийин билсем, командировкага кеткеним жөнүндө Нарын ИИБсы телефонограмма жиберген экен. Орус кыздардын биринин наамы – майор, экинчисиники – капитан. Алар менен кошо дагы эки кызматкер бар экен. А мен катардагы милиционер болчумун.
Ал кезде Кыргызстанда кооз кутучасы менен кыргыз бальзамы сатылчу. Жетекчилеримдин сыноосунан өтүп берген тапшырмасын так аткарсам дегенде эки көзүм төрт. Өзүм менен ала барган түлкүнүн эки терисине эки бальзамды кошуп орус кыздарга салам айтып калдым. Баягы кыздар бальзамды карабай эле эки кызыл терини моюндарына иле калышып, чоң күзгүгө кайра-кайра каранып, ары бери басып, рахмат айтып жиберишти. Мындайды күтпөгөн жаным чыйрала түштүм. Андан түшкү тамакка дагы чогуу бардык.
Мага бүгүн-эртең Алматыны кыдырып көрүп, “Медеого” баруумду сунуштап калышты. “Иш оңунан чыгып калса биз мейманкананын вахтасына чалып коебуз”, – дешти.
“Иш оңунан чыкпай калса эмне кылам”, – деп ичимден сарсанаа болуп жүрдүм. Бир күн шаарды кыдырып, бир күн “Медеодо” болдум. Күн өтпөйт. Баягы төрт кызматкер беш күн бою Москва менен кайра-кайра сүйлөшүп, акыры макулдук алышкан экен. Алар алгач айтышканда, ишенген жокмун. Качан гана колума эсептен чыгаруу боюнча актынын бир нускасын бергенде толук ишендим.
Мен Алматыдан келгенчекти эле начальнигим бул жаңылыкты угуп, бош турган ага инспекторлук кызматка мени дайындоо үчүн министрликке сунуш жибериптир. Ошентип жаңы кызматка дайындалып, кийин кенже лейненант наамын алдым.
***
Ал кезде Нарын ОИИБсы жана жер-жердеги ШРИИ бөлүмдөрү ар жуманын эки күнүн спорттук машыгууларга арнашчу. Кээде өздүк курам 5 чакырымга чейин жүгүрүп, тапанча, автомат атып, волейбол ж.б. оюндарды ойноп, күжүрмөн даярдыктан өтүп, зачет тапшырып турчу. Ушундай иш-чарага кээде Василий Павлович өзү да катышчу. Спорт аянтчасында жүргөн начальникке нөөмөт бөлүмү келип: “Сизди обкомдун биринчи секретары түз байланыш телефонго чакырып жатат”, – десе: “Айтып коюуңуз, мен азыр заниятиедемин, бошогондо өзүм байланышам”, – деп койчу.
Биздин байкообузда бара-бара бул маселе тирешүүгө өтүп, партия күчкө салып облмилицияны малга тоют даярдоого Ат-Башынын эң алыскы айылы Өзгөрүшкө жөнөттү. Милициянын милдетине такыр кирбеген бул ишке башкармалыктын ар-бир бөлүмүнөн тандалгандар чөп чапчу шаймандарыбыз менен аталган айылга барып калдык. Жигиттерибиз чек ара кызматынан сурап алган чоң чатырга жайгашышса, кыздар салкын болот деп чабан жашаган үйгө кирип, идиш-аяктарды ошол жерге топтошту. Бир жумадан ашык убакыт болуп калганда обком жиберген комиссия келип текшерип калды. Комиссиянын ичинде Дөөлөт байкенин теңтушу Таранчы деген жигит да бар экен. Тамашага салган байкебиз: “Милийсалар, эл жок жерде эле бүркүтпүз деп мактанып каласыңар, жалгыз таранчы текшерип келсе бырпырап учуп кеткениңер кандай?” – деп калды.
Көзүң жамандыкты көрбөсүн, келген комиссия чайга карабай кабак-кашын бүркөп, Нарынга шашылыш кайтты. Эртең менен эрте УАЗ автомашинеси келип, баягы Дөөлөт байкебизди салып кетти. Үч күн бою жок. Улуулар кызматынан ажырады го деп болжолдошту. Төртүнчү күнү Дөөлөт байке келди. Облмилиция шашылыш түрдө партиялык чогулуш өткөрүп, байкебизге эсепке алчу карточкасына киргизүү менен сөгүш бериптир.
Кийин В.Бондаренко ички иштер министринин биринчи орун басары болуп бекип калды. Нарында бирге иштешкендер аябай кубандык. Бул кабарды уккан обкомдун биринчи секретары КП БКга телефон чалып: “Бул киши Нарында начар иштеди эле”, – деген экен Василий Павловичти башка кызматка которуп салышты.
***
Облмилицияга полковник Т.Жээналиев начальник болуп бекиди. Обкомдун биринчи секретары менен жакын туу-ган экен, жакшы колдоого алды. Шаардын аягындагы Ак-Коргон аттуу ээн участокко милиция кызматкерлери үчүн “Дзержинский городок” деген ат менен үйлөрдү салдыра баштады. Нарындын тарыхында мындай иш болбоптур. Салынган тамдар аппак болуп алыстан көрүнчү. Жангарач экөөбүзгө бир там тийип, эки бөлмөдөн бөлө турган болдук. Ар жума сайын дем алыш жана майрам күндөрү азыктарыбызды көтөрүп алып усталар менен кошо иштешебиз. Кээ бир кызматкерлер көп балалуу болгондуктан аларга толук бирден там тийди. Кийин Т.Жээналиев милициянын Фрунзе шаарындагы орто мектебине начальник болуп которулду.
Жаңы начальник болуп подполковник Б.Ишимов бекиди. Жаш жана иштемчил адам экен, облмилициянын азыркы үч кабаттуу имаратын толук бүтүрттү, кызматкерлерине ылайыкталган элде жок “Динамо” стадионун салдыртты. Булар менен кошо милиция кызматкерлери автомат жана тапанча менен бута атып машыгуучу жайды ремонттон өткөрүп койду.
Бексултан Бекмолдоевич юридика илимдеринин кандидаты, билимдүү болгондуктан иш кагазга абдан көңүл бура баштады. Башкармалыктын мурдагы эски имаратынын биринчи бөлүгү фин курулуш менен курулса, экинчи бир бөлүгү кирпич менен салынган эле. Кууш коридордо кулактандыруулар илине турган доска бар болчу. Ал доскага туулган күндөрдү куттуктаган открыткалар жана башка документтер илинип турчу. Так ошол жерге сыйлык менен наам ала турган кызматкерлерге сунуштардын үлгүсү биринчи жолу иштелип чыгып илинди. Ал үлгүнү этибар албай калган кээ бир райондук ички иштер бөлүмдөрүнөн келген сунуштардын каталары кызыл карандаш менен оңдолуп, ошол доскага илине баштады.
Аңгычакты эле Нарын менен Ысык-Көл облустары биригип калды. Бириккен
облуска Бексултан Бекмолдоевич начальник болот деген кеп таркап кетти. Кадрлар бөлүмү Балыкчы шаарына барып иштейм деген кызматкерлердин тизмесин түзүп жүргөн. Мен он жетинчи болуп катталдым. Ушул иштер болуп жатканда облустук ооруканада дарыланып жаткан 70 жаштагы атам каза болду. Кандай кызмат болсо да Ат-Башыга кетип, энеме жакын болсом деп ойлоно баштадым. ИИМ коллегиясы болот деп начальник Фрунзеге кетти. Жетекчибиз кайра келгенчекти жаңы облуска милициянын генерал-майору Ж.Шаршенбаев бекиптир деп калышты. Көрсө а киши рес-публиканын биринчи секретары менен Ысык-Көлдө чогуу иштешкен экен. Ал эми Бексултан Бекмолдоевич министрдин орун басары болуп дайындалыптыр.
Мен кадрлар бөлүмүнүн начальнигине кирсем, Ат-Башыда орун жок экенин айтты. Ичимден капа болуп келе жатсам, нөөмөткердин жардамчысы начальник чакыртып жатат, кире калчы деди. Кирсем: “Каныбек, жетекчи катары атаң каза болгондо мен бара албай калдым, өзүңө жумуш орун таптыңбы?” – деди.
– Мүмкүн болсо мени Ат-Башыга жиберсеңиз, энем менен бир туугандарыма жакын турсам…
– Кадр эмне дейт?
– Орун жок деп койду.
Начальник кызыл телефондун трубкасын көтөрүп, Ат-Башыны коштурду. “Анарбек, сенде кандай орундар бар?” – деп бир топко сүйлөштү. Анда Ат-Башыда начальник болуп майор А.Сатувалдиев иштечү. Ошентип мен Ат-Башы РИИБүнө келип Ак-Жар айылына участоктук инспектор болуп иштеп калдым.
***
Кийин Нарын өзүнчө бөлүнүп, ОИИБсына начальник болуп милициянын подполковниги С.Дубанаев дайындалды. Улуулардын айтканына караганда, СССР 1947-жылдардан кийин “атмосферага жана жер бетине үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүп туруу үчүн” Долон ашуусуна фин үйдөн метеорологиялык станция курат. Кийин облус-тук бийлик бул эки кабаттуу фин имаратты Нарын шаарына көчүртүп келип, ички иштер башкармалыгынын балансына өткөрүп берет. Ошондон бери облустук милицияга кызмат кылып келе жаткан бул үй четинен күбүлүп, жагымсыз жыттар чыгып, шартыбыз оорлошо баштаган.
Начальник бул имаратты буздуртуп, башкармалыктын үч кабаттуу имаратына жаңы Нөөмөт бөлүмүн улап салдыртты, кире беришин жаркыратып койду. Бул ишке удаа өздүк курам менен ардагерлерге деп чакан мончо салдыртты.
Садырбек Мамбеталиевич Ат-Башы районундагы Ак-Моюн шайлоо округунан КР ЖК депутаттыгына талапкер болуп калды. Анда мен тергөөчүмүн, Т.Мамбетаитов, М.Осмоналиев менен чогуу иштешип жаткам. Начальнигим милициянын полковниги А.Кабаев менен кеңешип алып кечки саат алтылардан кийин кайната-кайненем жашаган Ак-Муз айылына барып туугандар менен жолугушуп, үгүт иштерин аткарып жүрдүк. Экинчи турда жеңип, Садырбек Мамбеталиевич Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланды. Мамлекеттин герби боюнча сынакка Нарын шаарындагы көркөм өнөр мектебинин директору А.Абдраев экөө катышып, жеңип алышты. А.Абдраев “КРнын мадания-тына эмгек сиңирген ишмер”, С.Дубанаев милициянын генералы наамына ээ болду.
Ушул жерден артка кайрылайын. Ысык-Көл менен Нарын облусу бириккенден кийин Ат-Башы РИИБны милициянын майору К.Кенжесариев жетектеп калды. А киши абдан калыс, орус мүнөз, ушакты кабыл албаган, өздүк курамды ынтымакта кармаган таза жетекчи эле. Кубанычбек Сарымсакович ишке келгенде 13 жылдан бери акча жоктугунан пайдубалы куюлуп, дубалдардын бир аз жерлери бир метрге чейин көтөрүлүп туруп калган имарат бар болчу. Ал кезде РИИБнын кызматкерлери эскилиги жетип, бөлмөлөрү жылытылбаган төрт имаратта отурчубуз. Мен анда ага учас-токтук инспектор элем. Райондун территориясы республика боюнча эң чоң, 22 элдүү пункт, Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүндө Нарын, Ак-Талаа, Ат-Башы райондорунун малчылары жана кыргыз-кытай чек арасын кайтарып турган 11 чек ара заставасы бар эле. Участоктук инспекторлор жетишпегендиктен чарбалардын эсебинен “чарбалык орган” деген аталыш менен штаттык бирдиктерди ачып, алардын саны 22ге барып калган.
Бир күнү Кубанычбек Сарымсакович чакырып: “Сокулук РИИБүнүн начальниги Ат-Башыга келе жатат, каякка алып барсак болот?” – деп калды. Келген конок майор Өмүрбек Кутуев экен. Ат-Башынын токою-нан кызыл түлкү атып, Айгыр-Жал аттуу тумшуктан кекилик-чилге ууга чыктык.
Кийин ал министр болуп калды. Босого жайлоосунан келе жаткан министр Ат-Башы РИИБүнүн жаңы имаратын көрүп чыкты. Акиташ менен боек жыттанып таза турган убактылуу кармоочу жайдагы кылмышка шектүүлөрдүн ал-акыбалын сурап, анан журналга “эскертүүлөр жок” деп жазып кетти. Анда бөлүмдүн начальниги ооруп Бишкекте, а мен оперативдик иштер боюнча орун басар элем.
Быйыл 2-февралда “Кыргыз Туусу” гезитине Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата “Кыргызстан – Россия тапкан жол” деген макалам жарык көрдү. Аталган макаламды Өмүрбек Алымбековичтин телефонуна салып жибердим. Эс алууда жүргөн министр менен 30 жылдан ашык убакыт өткөндө байланышып, анын Ат-Башыга келип мергенчилик кылган окуяларын айтып бердим. Мурдагы министрим ошол окуяларды эстеп күлүп калды…
Ошол К.Кенжесариев 13 жыл бою курулушу токтоп турган Ат-Башы РИИБүнүн эки кабаттуу жаңы имаратын дубалдарын толук көтөртүп бүтүп үстүн толук жаптыртып кетти. Бул иши үчүн Кубанычбек Сарымсаковичти атбашылыктар ишке жарады деп мактап жүрүштү.
***
Кийинки келген начальник К.Токобаев жаштыгына карабай, шымаланып иштеп кирди. Легендарлуу парламенттин депутаттары Ч.Байгазаков менен генерал-майор С.Дубанаевдин сунушун эске алган министр А.Суталинов кыргыз-кытай чегиндеги Ак-Сай өрөөнүнө тарыхта биринчи жолу 8 штаттык бирдик менен Торугарт айылдык милиция бөлүмчөсүн ачты.
Жетекчи болот элек деп 7-8 кызматкер орун талаштык. Түтөктүн борбору болуп турган Торугартта начальник болуп сегиз ай иштедим. Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүндөгү 12 элдүү пунктту, Бишкек-Торугарт эл аралык автожолунун Пограничник айылынан Торугартка чейинки бөлүгүн, 13 чарбаны, 9 кыркын сарайды, аларда иштеген эмгекчилер менен чет өлкөлөрдөн келип-кетүүчү туристтердин коомдук коопсуздугун камсыздачубуз. 8 ай ичинде Торугарт КППсы аркылуу 103 топтогу 2222 чет элдик турист жана КМШ мамлекеттери боюнча түзүлгөн 13 топтогу 271 адам чек арадан өтсө, 10 950 автоунаа ар кандай салмактагы жүктөр менен Кытайга кирип-чыгып турду.
1993-жылы Торугарт чек ара көзөмөл-өткөрүү пунк-ту комплексинин курулушу бүтүп, анын ачылыш салтанатына Президент А.Акаев баштаган өкмөт мүчөлөрү келишти. ПОМдун кызматкерлери республика, облустан коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн Ак-Сайга келишкен милиция кызматкерлерине шарттарды түзүп беришти.
Ат-Башы РИИБсында ушундай ийгиликтер жаралып жатканда бөлүмдүн начальниги менен нөөмөткер экөө келишпей жагымсыз окуялар күчөп кетти. Арыз-даттануулар ИИМге чейин жетип, өздүк курамдын ынтымагы бошоп, ишенбөөчүлүк пайда болду. Ж Акматов, З.Муратов үчөөбүз баш болгон бир топ кесиптештер эки жактагы кеп-сөздөргө кошулбай калыс турдук.
Ат-Башы РИИБнын эки кабаттуу имаратынын бат бүтүшү үчүн Торугарт ПОМу 94 389 орус рублин жана 20 101 сом салым кошту. Ошол учурда маяналар өз убагында берилбей, айларга созулуп, комокторго жазылып, күнүмдүк азыктарды карызга алып, үч-төрт айдан кийин берип жашап жүргөн күндөр да эсте калды.
Облус боюнча биринчи болуп Ат-Башы РИИБнын эки кабаттуу имаратынын ачылыш салтанатына министр келет деп калышты. Колдон келишинче тегерек-четин тазалап, актап-сырдадык. Облустук мергенчилик башкармалыгына барып, Ак-Сайдан жапайы аркарга аң уулоо үчүн лицензия да сатып келдик. Бирок, буга чейинки арыз-даттануулар себеп болуп, министр А.Суталинов баштаган жетекчилер имараттын ачылыш салтанатына келбей калышты. Ошентип, эки жылдай бирибиз жыгач уста болуп балка менен мык каккан, бирибиз азык-түлүк ташып, а калганыбыз кылмыш ачып, коомдук тартипти сактап чуркаган эмгегибиз бааланбай калды.
***
блустун жетекчилиги мени Ат-Башы РИИБүнүн начальнигинин оперативдик иштер боюнча орун басары кылып бекитти. Ал кызматта алдынкы кесипкөй замандаштар К.Шакеналиев, Д.Токтакунов, Т.Кожобеков менен бирге болуп, далай адамдардан алкоо кеп уктук. Облуста кылмыштын ачылышы боюнча Ат-Башы РИИБсы биринчи орунга чыгып, вымпел, баалуу сыйлыктар менен сыйланды. Кийин Нарын ОИИБга которулуп, кадрлар бөлүмүн жетектеп, азыркы ардагерлерибиз Б.Тилебалдиев, С.Касма-лиев, Б.Кулжыгачев ж.б. менен бирге иштештим.
Конкурстук жол менен Нарын облустук мамлекеттик администрациясына кызматка кирип, укук коргоо секторун, кийин укуктук колдоо бөлүмүн жетектедим. Ошол убакта Коргоо министрлиги облустук аскер комиссариатын жоюп калды. Натыйжада шаардык комиссариат облустун имаратына көчүп кетип, анын эки кабаттуу жаңы имараты чоң короо-жайы менен бош калды. Ал мезгилде Борбор Азия университетинин имараты Ак-Коргонго салынып бүтүп калган. Менин сунушумду колдоп берген облустун губернатору А.Касмалиев ал эки кабаттуу имаратты Нарын РИИБнын балансына берүү чечимин чыгарды. Буга чейин эски чачыранды имараттарда турган бөлүм эки кабат жаңы имаратка көчүп келди. Милиция кызматкерлерине жакшы шарттар түзүлдү.
***
Убакытты текке кетирбей буга чейинки жазган эмгектеримди Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурас институтунун окумуштуулар кеңеши карап, кандидаттык диссертациямдын темасын бекитип беришти. Россия, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан өткөрүп жаткан республикалык, эл аралык илимий-практикалык конференцияларга катышып, жалпысынан 18 макалам жарык көрүп, тарых жаатында кээ бир ачылыштарды жасадым. Жыйынтыгында эмгегим Стамбулда, Монголияда, Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде, Венгериянын, Өзбекстандын, Армениянын, Тажикстандын, Казакстандын, Россиянын Саратов, Хакасиянын жогорку окуу жайларына чейин таркады. “Нарын милициясы” аттуу энциклопедия баш болгон 9 китеп жаздым.
2023-жылы ички иштер министри У.Ниязбековдун макулдугу менен генерал-майор Э.Алиев атындагы академияда “Кыргыз милициясынын тарыхы” аттуу илимий-практикалык конференция уюштурдук. 1999-жылы жазылган “Кыргыз милициясы” аттуу энциклопедияда Уезддик комиссарлар Кыргызстандын жумушчу-дыйкан милиция-сын качантан баштап кайсыл жылга чейин жетектеп турган деген суроого так жооп таппай актай коюшкан экен. Бул маалыматка кызыгып жүрүп, Комиссарлар милиция кызматын кайсыл жылдан кайсыл жылга чейин башкарып турганы боюнча далилдүү документти Мамлекеттик архивден таап чыктым. Жыйынтыгында “Кыргызстандагы полиция-милиция кызматтары” аттуу китеп басмаканадан жарык көрүп, Президент С.Н.Жапаровго, генералдар К.К. Ташиевге, У.О. Ниязбековго чейин берилди. Улуттук баатырлар Ажыбек, Турдуке, Зор-Калча, хан Карымшак, айтылуу Казыбек казалчы, Ы.Абдрахманов, Жусуп Мамай, С.Нааматов жана Нарын шаарынын 145 жылдык мааракелери жөнүндө изилдөөлөрдү Президенттин администрациясы, жергиликтүү бийлик жана окумуштуулардын колдоосу аркылуу ишке ашырган элем.
Россиянын Пенза шаарында өткөн VII Эл аралык илимий-практикалык конференцияга “Тянь-Шандык кыргыздардын Россия-га кошулушу” деген темадагы баяндама менен катышып I даражадагы дипломго татыктуу болдум.
Азыр ардагер болуп, неберелердин арасында эс алуу менен катар эле китептердин үстүндө эмгектенип жүрөм.
Каныбек БОКОЕВ,
журналист, илим изилдөөчү,
Нарын шаары