Среда, 1 января, 2025
-1.9 C
Бишкек

Кайырчылык: муктаждыкпы же…

Кыргызстандын бардык чоң-чоң шаарларында, райондун борборлорунда кайырчылык кылып отургандар биз үчүн көнүмүш адатка айланды. Жарандар колунан келишинче жардам берип коюшат. Бирок алар чын эле акчага муктаж адамдарбы же кайырчылыкты бизнеске айланткандарбы деп кызыккан эч ким жок.

Мурда алдына баштык же коробка коюп алган улуу муундагы кишилерди көрөт элек. Азыр болсо бешиктен бели чыга элек балдар, кыздар, баласын кучактаган келиндер кадам сайын кездешет. Айрым учурда операцияга ири суммадагы акча керек деп наристенин сүрөтүн жабыштырып, коробка кармагандарды көрөбүз. Ал эми чынында эле алар акчага муктаж деп айтуу кыйын. Себеби, көпчүлүк учурда ушундай жол менен акча чогултуунун амалын кылышат. Буга чейин массалык маалымат каражаттарында чарчап калган наристенин сүрөтүн чоочун адамдар колдонуп, акча чогултуп жүргөнү тууралуу айтылган.

Кыргызстанга Өзбекстандан өтүп келген лөлү тектүүлөр да көп. Алар миграция мыйзамдарын бузуп, өз учурунда каттоого турбай коюшат. Базарларда, соода борборлорунун жанында, адам көп жүрө турган жерлерде кайырчылык кылып жүргөн жаш балдардын артында кандайдыр бир күчтөр турушу толук ыктымал. Алар жаш балдарды пайдаланып, аларга акча чогулттуруп, кечинде алардын тапканынын баарын жыйнап кетишет сыягы.

Майыптардын арабасында отургандардын чоң жолдун ортосуна туруп алып, ары-бери өткөн унаалардын айдоочуларынан акча сурап жатканын көп көрөбүз. Айрым учурларда ошолор дагы жол кырсыгынын келип чыгышына себепкер болууда. Милиция, Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери ушуларга каршы катуу күрөшүүсү абзел.

Айрым учурларда алты саны аман жапжаш жигиттердин тилемчилик кылып отурганын көрөбүз. Алардын көбү аракечтикке берилип кеткендер. Ушундай жол менен тапкан акчасына спирт ичимдигин сатып алат. Мындай адамдар үчүн эртеңки жашоонун кызыгы жок. Бүгүнкүгө бир бөтөлкө аракка жете тургандай акча тапса болду. Эртеңки күндү ойлонуп да коюшпайт.

Эне сүтү оозунан кете элек балдардын мектепке барбай, көчөдө жүрүшү боюнча тийиштүү органдар ата-энелерине катуу чара колдонушу керек. Баланын билим ала турган кезинде билимге эмес, тилемчилик кылууга үндөп жаткан ата-эне сөзсүз жазаланышы зарыл.

Баткен облусунда август айында “Тилемчи” аталышындагы рейд өткөрүлүп, анын жыйынтыгында Ош облусунан  келген 7 жашы жете элек өспүрүм, 3 чоң киши жана 2 Өзбекстандын жараны аныкталган. Ал эми Баткен районунда “Салам мектеп” аталышындагы иш-чаранын алкагында, балдарына жетиштүү деңгээлде көзөмөл кылбаганы үчүн 7 ата-энеге айып пул салынган. Андан сырткары 15 ата-энеге эскертүү протоколу берилген. Бир дайынсыз жүргөн өспүрүмдүн жүргөн жери аныкталып, ата-энесине өткөрүлүп берилгенин Баткен ОИИБи билдирген.

Ал эми Жалал-Абад шаарында ай сайын  “Кайырчы” аталышындагы рейд өткөрүлүп турат. Анын жүрүшүндө Ош облусунун Кара-Суу районунан,Өзбекстандын бир нече облустарынан келген кайрычылар аныкталган. Сузак районунан келип, кайырчылык кылгандар да болгон.

Рейд учурунда элүүдөн ашуун кайырчы кармалса, алардын жарымын жаштар түзөт. Ал эми коңшу өлкөлөрдөн эрте жазда келип кайырчылык кылгандар бар. Алардын саны отузга чейин бара турганын облустук милициядан билдиришти.

Кайрымдуулук кылган жакшы, бирок, аны чыныгы муктаждарга берсек. Жолдогу тилемчилерге караганда айланабызда чыныгы муктаждар көп. Айылыбызда, көчөбүздө жалгыз бой энелер, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр кездешет. Окуу жылы башталып, кээ бир балдар окуу куралдары жетишсиз окууга барышууда. Айрымдарынын жаан жааса мектепке кийип барчу жылуу кийими жок. Мына ошолордун  муктаждыгын чечип берсек, Кудай алдында да сооп иш кылган болобуз.

Султанбек Аманбек уулу, “Кыргыз Туусу”

 

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар