К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде 19-сентябрда Кытайдын салттуу майрамдарынын бири болгон күз майрамына арналган “Кыргызстан – Кытай жакын достугу” аттуу студенттердин күзгү фестивалы болуп өттү.
Иш-чарага Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары М.Т.Тагаев, ЖОЖдордун ректорлору, Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкерлери, Тышкы иштер министрлиги катышты.
Университеттин ректору А.И. Мусаев өз сөзүндө: «Бүгүнкү күндө кытай маданиятына, тарыхына, тилине кызыккан жаштардын саны жыл сайын өсүп, кытай тилин өнүктүрүү активдүү колдоого алынып жаткандыгы сүйүндүрөт. Күз майрамы Кытайдагы маанилүү маданий иш-чара эле эмес, түшүм үчүн ыраазычылык ошондой эле биримдиктин жана сүйүүнүн символу болуп саналат”,-деди.
Иш-чаранын алкагында көргөзмө уюштурулуп, катышуучулар кытай маданиятынын өзгөчөлүктөрү, чай берүү аземи, улуттук кытай ашканасы, ошондой эле кытай каллиграфиясы жана салттуу кытай оюндары боюнча мастер-класстар менен таанышты.
Иш – чаранын аягында К. Карасаев атындагы БМУнун студенттери, Конфуций институтунун студенттери концерттик программа тартуулашты.