Камчыбек Ташиевдин кызына айдоочулук күбөлүктү алууга көмөктөшкөн УКМКнын жети кызматкери жазаланганын мамлекеттик комитет билдирди.
Экөөнө сөгүш, үчөөнө катуу сөгүш жарыяланып, дагы эки кызматкерге ишин толук аткарбаганы эскертилген.
Бул чаралар УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин жеке көрсөтмөсүнө ылайык көрүлгөн. Ал жакында эле укук бузууларга жол берилбестигин эскертип, мамлекеттик кызматта турганда УКМКнын кызматкерлеринин туугандарынын жана тааныштарынын таасирине алдырбоого чакырган.