Быйыл 7-ноябрда кыргыз элинин тун гезити азыркы “Кыргыз Туусу” жарык көргөнүнө да туура 100 жыл толгону турат. Кыргыз журналистикасынын башаты болгон бул басылма бир кылымдык мааракесине тушташ өз окурмандарына 24 856-санын тартууламакчы. Басылып чыгуусунун туруктуулугу жагынан “Кыргыз Туусун” биз карт тарыхы бар дүйнөлүк ири гезиттердин катарына кошсок ашыкча болбос. Ал эми азыр медиа тармак да санариптик форматка көчүп, журналистиканын ишине да жасалма интеллект аралаша баштаган учурда басма сөздүн келечеги барбы деген суроо дагы күн тартибинде турган кез. Кесиптешибиз, журналист Улан ЭШМАТОВ мына ушул маселени эл аралык өңүттөн карап көрдү.
“Кыргыз Туусунун” артыкчылыгы
Адегенде дүйнөлүк басма сөздүн тарыхына учкай көз чаптырсак, алгачкы гезит 1609-жылы Германияда басылган. Журналистиканын тарыхын изилдегендердин кээ бирлери дүйнөнүн биринчи гезити жарык көргөн мезгил деп 1605-жылды аташат. 1630-жылга барып, апталык гезиттер Европанын 30дай шаарында пайда болсо, типографиялык иштин өнүгүшү менен 1700-жылдарга келгенде, Германиянын өзүндө эле 200дөй гезит чыгып турган экен.
Бул тарыхый маалыматтарга негизденсек, кыргыздын тун гезити дүйнөдө алгачкы басылма пайда болгондон 315 жылдан кийин жарык көрүп олтурат.
Эң башындагы “Эркин Тоо”, андан кийинки “Кызыл Кыргызстан”, “Советтик Кыргызстан” жана азыркы “Кыргыз Туусунун” башка кыргыз гезиттеринен негизги артыкчылыгы 100 жылдан бери туруктуу басылып жаткандыгында, кыргыз журналистикасынын тарыхындагы маанилүү ролун үзгүлтүккө учуратпаганында.
Алгачкы улуттук гезиттин жүз жылдык тарыхынын 67 жылы советтик доордун, 33 жылы эгемен доордун мезгили экен. Эгемендиктин 33 жылы ичинде Кыргызстанда ондогон жаңы гезиттер жарык көрдү, көптөгөн кесиптештерибиз башкы редактор, гезит ээси аталышты, советтик доордон мураска калган айрым басылмалар да аталыштарын бир-эки-сыйрадан жаңылап, менчик ээлерин алмаштырышты.
Бирок, бүгүн келип, 2024-жылдын турумунан артка кылчайсак кыргыз тилдүү ондогон жаңы гезиттер азыр дээрлик калбаптыр, учурдун талабы делген санариптик форматка да ылайыкташа албаптыр. Гезит ээси алмашып олтуруу менен эң алдыңкыларынын тарыхы 10, 20 жыл, арткыларыныкы бир нече ай, бир жыл, үч жылдан эле болуптур.
Кезинде “Кыргыз Туусун” да “ªкмөттүн ээлигинен чыгарыш керек, бюджеттен каражат бербөө зарыл, эркиндикке кое берүү, акционерлештирүү керек” деген чакырыктар жигердүү айтылган жылдар да болду. Бирок, ал чакырыктардын бюджеттен каражат бербөөсүнєн башкасынын баары Кыргызстандын шартында турмушка жарамсыздыгынан улам аткарылбады окшойт. “Кыргыз Туусунун” келечегин бүдөмүккө кептеген ал чаралар ишке ашып кеткенде, балким, улуттук гезит бүгүнкү жүз жылдык тарыхына жетпей калат беле…
Советтик доордун эң ийгиликтүү делген жылдары 180 миңден, эгемендик доордо 30 миңден ашуун нуска менен жарык көрүп турган басылма азыр 4 миң нуска менен чыгууда. Окурмандар басылманын ар бир санын электрондук түрдө интернеттен окуй ала тургандай да мүмкүнчүлүк түзүлгөн, гезиттин веб-сайты да иштеп жатат.
Гезит электрондук түрдө да өмүр сүрүү үчүн, аны бул форматта окугандардан акы сурабаганы эле болбосо, эл аралык ири гезиттердин ыкмаларын да колдонуп жаткан кези.
Жаралуу табияты, басып өткөн жолу айырмаланганы менен азыркы мезгилде да кагаз форматында чыгуусунун туруктуулугу жагынан “Кыргыз Туусун” бай тарыхы бар дүйнөлүк дөө-шаа гезиттердин катарына кошо алабыз.
Санариптик багыт улам күчөп, дүйнө эли уюлдук телефондорун эле чукуп калган кезде басма сөздүн келечеги барбы же гезиттердин заманы бүттүбү деген эки ача суроо азыр ошол ири басылмалардын деле алдында турат.
Учурдагы тенденциялар боюнча дүйнөлүк гезиттердин кагаз түрүнүн келечеги тигил же бул мамлекеттеги элдин окуу маданиятына жана калкынын санына көз каранды болот окшойт. Биз эми маселенин ушул өңүтүн кеңири карап көрөлү.
Азия гезиттери нускасы жагынан алдыда
Гезит базарынын көлөмү боюнча дүйнөдө алдыңкы беш өлкөнүн катарында Жапония, Индия, Кытай, АКШ жана булардын арасында бешинчи болуп Европадан Германия турат.
International Journal of Research (IJR) эл аралык илимий журналда быйыл 22-мартта жарыяланган тизмеге караганда, басылып жаткан нускасы жана окурмандарынын саны боюнча азыр дүйнөнүн коомдук-сая-сий, экономикалык багыттагы эң ири он гезитинин катарына Жапонияндан “Йомиури Шинбун”, “Асахи Шинбун жана Никкей) гезиттерин, Индиядан “Таймс оф Индия”, “Дайник Бхаскар”, АКШдан “Уолл Стрит Жорнэл”, “Нью-Йорк Таймс, “АКШ бүгүн”, Кытайдан “Жэньминь Жибао” басылмалары кирет.
Германиядан дүйнөлүк ири гезиттердин катарына “Билд”, “Франкфуртер Альгемайне Цайтунг”, Британиядан өлкөнүн өзүндө чыккан нускасы аз болгону менен глобалдык чөйрөдө окурмандары бар “Гардиан” жана “Файнэншл Таймс” басылмаларын кошууга болот.
Азыр эми ушул ири басылмалар кантип жатат? 2024-жылдын эсептери боюнча кагаз түрүндөгү нускасынын саны жагынан Азияда калкы бир миллиарддан ашкан Индия же Кытай эмес, Жапониянын гезиттери лидер экен.
Учурда 123 миллионго жакын калкы бар Жапониянын эң ири “Йомиури Шинбун” гезитин акыркы 40 жылдан бери жетектеген, 98 жаштагы башкы редактору Тсунео Ватанабэнин басылманын быйыл 2-ноябрда белгилене турган 150 жылдык мааракесин (“Йомиури Шинбун” 1874-жылдын 2-ноябрынан бери үзгүлтүксүз чыгат) утурлай окурмандарга жасаган кайрылуусуна караганда, бул гезит күнүнө он миллион нускадан ашкан көрсөткүчкө 1994-жылы эле жеткен.
Жапондордун кадырлуу башкы редактору өз кайрылуусунда бир жагынан “жаңы технологиялар, маалымат алуунун жаңы аспаптары глобалдык масштабда адамдардын жашоосу менен маданиятына, билимине, сөзүнө, коомдук пикирге олуттуу таасир бергенин, ага катар социалдык түйүндөрдө так эмес жана жалган маалыматтардын жайылышы боюнча көйгөйгө алып келгенин” белгилейт.
Бирок “Санариптик коомдо да гезиттер жаңы урматка ээ болот. Жыл өткөн сайын алардын кадыры бардык чөйрөлөрдө, анын ичинде саясаттын, экономиканын, эл аралык мамилелердин, коомдун жаңылыктарын ар тараптуу жана системалуу кароону камсыздаган билимдин булагы катары жылдан-жылга арта берет”, – деп да кошумчалайт.
Оксфорд университетинин журналистика боюнча Рейтер институту быйыл 17-июнда жарыялаган баяндамага караганда, тарыхый жактан алганда гезиттердин нускасы дүйнөдө эң жогору болгон жапондордо да бул көрсөткүчтүн ылдыйлоосу азыр уланып жатат. Башкы гезити “Йомиури Шинбун” азыр 6 млн. нуска менен жарык көрүүдө жана санариптик өнүгүүсүн кадимки гезитке жазылган окурмандары гана санариптик форматты окуй ала тургандай стратегияга таянып жүргүзүүгө аракеттенүүдө.
Ал эми экинчи ири гезити 145 жылдык тарыхы бар “Асахи Шинбун” 3,5 млн. нус-ка менен жарык көрсө, башкы экономикалык басылмасы,148 жылдык тарыхы бар “Никкей” 1,5 млн. нускада чыгат.
Маалымат илими боюнча жапониялык таанымал адис, азыр Тойо универсиететинин профессору Кэн Сакамура “Гезитлардин генеративдик жасалма интеллекттин доорундагы келечеги” деген аталыштагы макаласын быйыл 13-февралда https://japan-forward.com/ интернет баракчасында жарыялады.
Интернет гезиттердин келечегин кантип аныктай турганын баяндап 16 жыл мурда да макала жазганын эскерген профессор, бул ирет жаңылыктар дүйнөсүндөгү соңку өзгөрүүлөр ал болжолдогондон да ашып кеткенин жазат.
Азыр маалымат чогултуп, аны таратып, жайылтуунун чыгымы кыйла азайганына, генеративдик жасалма интеллектин пайда болушу менен маалыматты макалага айлантуу да арзанга туруп калаарына токтолгон профессор, эми сапатты камсыз кылуу маселеси алдыңкы планга чыгарын белгилейт.
“Жаңылык бүгүн ар кайсы булактан келип, адамдар чынга караганда жалган жаңылыктарга көбүрөөк кептелүүдө. Коомдун жоопкерчиликтүү мүчөлөрү үчүн алар окуп жаткан контенттин электрондук булагын такай текшерип туруу зарыл болот. Жасалма интеллектти колдонуу аркылуу макала же маалымат жазганга караганда эми чындыкты кепилдөө чыгымды жана эмгекти талап кылат. Жасалма интеллекттин доорунда чындык бекер эмес, фейк жаңылыктардын жайылышына каршы туруу үчүн гезиттер эми контентти аутентификациялоо менен сапатты көзөмөлдөөгө басым жасашы керек”, – дейт жапон профессору Сакамура.
Анын бул жазгандары, албетте, биринчи кезекте жапондор ишеним арткан тарыхый гезиттерге тиешелүүдөй. Бирок, дүйнөнүн башка мамлекеттериндеги кырдаалды да чагылдырат десек аша чапкандык болбос.
Азиянын азырынча кагаз гезит эң көп окулган экинчи өлкөсү Индияда ар жылы 28-январда 1780-жылы аларда “Бенгал газетте” деген алгачкы басылма жарык көргөнүнүн урматына гезиттер күнүн белгилешет.
Калкынын саны быйыл 1,4 млрд. ашкан бул өлкөдө гезиттердин ишине Нускага аудит жүргүзүү бюросу (Audit Bureau of Circulation) деген өкмөттүк эмес уюм байкоо салып турат.
Мына ушул уюмдун санагына караганда, хинди тилиндеги басылмалардан көч башы – 76 жылдык тарыхы бар “Дайник Бхаскар”. 2022-жылы бул басылманын күндөлүк нускасы 3,5 млн. ашкан. Англис тилдүү басылмалардан болсо сап башында 186 жылдык тарыхы бар “Таймс оф Индия” турат. 2022-жылы анын күндөлүк нускасы 1,9 млн. жакындаган.
Индиялык тажрыйбалуу медиа адис, профессор Сунил Саксена быйыл 2024-январда өзүнүн https://www.easymedia.in/ деген интернет баракчасында “Басма сөз, балким, өнүгүүдө, бирок, проблемалар бар” деген аталыштагы макаласын чыгарды. Бул изилдөөчүнүн жазганына караганда, миллиарддан ашуун калктуу өлкөнүн гезиттери азыр нуска боюнча көрсөткүчтөр жетер чегине жетти, эми мындан ары өспөйт деп кооптонушат. Андыктан индиялык профессордун пикиринде, “басма сөз санариптик чакырыкты жээрип кое албайт. Бүгүн алардын эң башкы активи – ишеним жана аброй. Басма сөз санарипке караганда, окурмандар арасында, жарнама берүүчүлөр арасында да чоң ишенимге ээ. Гезиттердин өзгөчөлүгү –терең, ар тараптуу түшүндүрмөлөрдү жана анализди камтыган контент болушу керек”.
Батыш басма сөзү – санарипке ыктоо, гезитти сактоо
Батыш өлкөлөрүнөн кагаз форматындагы эң көп нускалуу басылма азыр дүйнөнүн биринчи гезити чыккан Германияда. Немис саясатына чоң таасири жана 72 жылдык тарыхы бар Билд (Bild) таблоидинин күндөлүк нускасы 1980-жылдары 5 млн., 1990-жылдары 4 млн. даанадан ашып турса, https://www.deutschland.de/ деген интернет баракчада быйыл 24-апрелде жарыяланган маалыматка караганда азыр 986 миңдин тегерегинде.
Ал эми немистердин эң абройлуу, 75 жылдык тарыхы бар, либерал-консервативдик багыттагы “Франкфуртер Альгемайне Цайтунг” күндөлүк басылмасы азыр 200 миңге жетпеген нуска менен жарык көрүүдө.
Бул басылманын редакторлорунун бири Карстен Кноптун Гезитлардын дүйнөлүк ассоциациясы уюмунун (WAN-IFRA) 2023-жылдын октябрь айында Франкфурт шаарындагы саммитинде айтканына караганда, учурда аларга жазылгандардын 90%ын санариптик форматты тандаган кардарлар түзөт. “Кагаз нусканын азая берүүсүн токтото албайбыз. Эгер биз санариптик тармактагы ишмердигибизде ийгилик тапсак, гезитти баса берүүнү дагы беш-он жылга уланта алабыз”, – дейт ал.
Кошмо Штаттарда гезиттер узак жылдар бою жергиликтүү маданияттын ажырагыс бөлүгү болуп келген. АКШ менен Улуу Британиянын журналисттик индустриясына адистешкен “Прессгазет” (Pressgazette) интернет басылмасынын маалыматына караганда, 2023-жылдын жыйынтыгында АКШда ири 25 гезиттин кагаз нускаларынын саны 14%га төмөндөгөн.
345 млн. калктуу АКШда 2023-жылдын акыркы 6 айында күндөлүк ири 25 гезит орточо 2,3 млн. нуска менен чыгып жатты. Аларды жекече караганда, бизнес жана финансы чөйрөсүнө адистешкен, 135 жылдык тарыхы бар “Уолл Стрит Жорнэл” 555 миңдей, 173 жылдык тарыхы бар жана либералдык багыттагы “Нью-Йорк Таймс” 270 миңдей, 147 жылдык тарыхы бар, азыр Амазон компаниясынын ээси Жефф Безоско таандык “Вашингтон Пост” 135 миңдей, 42 жылдык тарыхы бар жана орто катмардагы окурмандарга ылайыкташкан “АКШ бүгүн” 125 миңдей нуска менен жарык көрүп турду.
“Прессгазет” белгилегендей, америкалык гезиттердин кагаз нускаларынын азайышы басма сөз тармагындагы жалпы кырдаалды чагылдырбайт. Алар үчүн кагаз форматтан тапкан киреше азыр деле маанилүү болгону менен санариптик форматка жазылуучулардын сандары көптөн үмүттөндүрүүдө. Маселен, “Нью-Йорк Таймс” 2027-жылга чейин санариптик форматка жазылган окурмандар саны 15 млн. жетет деп мерчемдөөдө, азыр “Нью-Йорк Таймстын” андай окурмандары 10 млн., “Уолл Стрит Жорнэлдики” 3,5 млн., “Вашингтон Постуку” 2,5 млн. ашкан.
“Нью-Йорк Таймс” гезитин чыгарган компаниянын мурдагы башчысы Марк Томсон 2020-жылы эле америкалык СНБС (CNBC) телеканалындагы маегинде “гезит дагы 10 жыл басыла турганы аныктыгын, балким 15 жыл басылышы да мүмкүндүгүн”, бирок, бул жараян 20 жылга уланып, “Нью -Йорк Таймс” 2040-жылга чейин кагаз форматында чыга берсе “абдан таңгала” турганын айткан жайы бар.
АКШ, Жапония же Индия, Германия болобу, гезиттердин чыгышы эң биринчи кезекте ал экономикалык жактан өзүн-өзү актайбы деген маселеге барып такалат. “Нью-Йорк Таймстын” 2020-жылдагы эсеп-кысабы боюнча басылма жарнамасыз өзүн-өзү акташ үчүн кеминде 900 миң нускада сатылып турушу керек болгон.
Анткен менен азыр деле гезиттер глобалдык масштабдан караганда, кирешесинин көбүн кагаз форматтан таап жатат. Бара-бара бул тенденция өзгөрчүдөй.
Гезиттердин дүйнөлүк ассоциациясы уюмунун (WAN-IFRA) PwC аудит компаниясынын маалыматтарына таянып жасаган анализине караганда, гезиттеги жарнама үчүн глобалдык чыгымдар 2019-жылдагы 45,7 млрд. доллардан 2024-жылы 33,3 млрд. долларга түшкөнү жатат. Бул 33,3 млрд. доллардын 21,4 млрд. доллары гезиттердин кагаз жана 11,9 миллиард доллары санариптик форматтагы жарнамасы үчүн сарпталат.
Глобалдык масштабдан алганда акыркы 3 жылда гезиттердин өзүн сатуудан түшкөн киреше да азайды.
Эгер 2019-жылы гезиттерди сатуудан 55,6 млрд. доллар жыйналып, мунун 50,3 млрд. доллары кагаз форматтан келсе, 2024-жылы сатыктан түшкөн киреше 48,2 млрд. долларга ылдыйлап, мунун 39,8 миллиарды гезиттердин кагаз форматын, 8,4 миллиарды санариптик форматты сатуудан жыйналганы турат.
Басма сөздүн ишеним мурасы
Ошентип басма сөздүн, салыштырып айтканда, алтын доору артта калып, алардын бардык көрсөткүчтөрү ылдыйлагандан ылдыйлап бара жатканы кандайдыр бир божомол эмес, ишенимдүү статистика менен ырасталган реалдуулук болуп калды.
Бир жагынан бул экологияны коргоо жана керектөөнү жоопкерчилик менен жүргүзүү боюнча азыркы учурдун талаптарына да шайкеш келип тургандай.
Басма сөздөн санариптик медиага толук көчүү дүйнө боюнча кагаз калдыкты, кагазды керектөөнү, кагаз өндүрүү үчүн энергияны керектөөнү азайтып, глобалдык жылуулукка каршы күрөшүүдөгү маанилүү элемент – дарактардын кагаз үчүн кыйылышын токтотпосо да, азайышына алып барышы керек.
Албетте, санариптик медианын да экологияга зыяны такыр жок деп айтуу мүмкүн эмес. Санариптик технологиянын экологияга таасири басма сөзгө караганда азыраак болгону менен келечекте электрондук калдыктар көбөйүп кетпейби деген кооптонуулар, санариптик технологияда, маалымат сактаган борборлордо колдонулуучу энергия маселеси да экологиялык талкуулардын темасы болуп келе жатат.
Санариптик медианын басма сөздөн сандык үстөмдүгү анык болуп калганы менен ал бара-бара биротоло жеңишке жетишеби? Бул суроонун жообу азырынча так эместей.
Маселен, АКШнын Колумбия университетиндеги Санарпитик журналистика борборунун директору, британдык “Гардиан” басылмасынын мурдагы башкы редакторлорунун бири Эмили Белл айым интервьюларынын биринде, кайсыл бир учурда санариптик контент жетер чегине жетет, адамдар санариптен чаалыгып-чарчаган шартта, “санариптик уулануудан чыгуу (детокцикациялануу)” үчүн кайра басма сөзгө кызыгуу жаралышы мүмкүн деп айткан жери бар.
Сапаттуу басма сөз журналистикасы үчүн акча төлөөгө даярдуулук жанданат, ал аудиториянын белгилүү бир катмары үчүн баалуулук жараткан, көбүрөөк адистештирилген багытта өнүгөт деп болжолдогон эксперттер да жок эмес.
Санарип медиа менен басма сөз кесилиш учурда турганы менен азыркы кыр-даалды талдаган эксперттер бир нерсенин аныктыгын баса көрсөтүшөт. Бул – ме-дианы керектөөдө чындыктын мурдагыдан да маанилүү факторго айлана берүүсү. Бул фактор өз кезегинде илгертен бедели бар гезиттердин пайдасына ойношу мүмкүн.
Анткени басма сөз узактан бери маалыматтын ишенимдүү булагы катары саналып келген. Бекем редакциялык стандарттар, фактыларды текшерүү жараяны, басма сөздүн туруктуулугу санариптик медиага салыштырмалуу ага ишеним деңгээлин жаратып турат.
Жогорудагыдай турумду карманган эксперттердин көз карашында, фейк жаңылыктары да жайнаган санариптик медианын алдында, келечекте, басма сөздүн ишенимдүүлүгү куну жок активге айланат.
Ооба, санариптик медиа платформалар да редакциялык стандарттарын жакшыртып, аларга карата ишенимди көтөрүүгө умтулууда, бирок, басма сөз жүздөгөн жылдар бою түптөгөн ишеним мурасын көлөкөдө калтырып, басып өтүү кыйын болот.
Айтмакчы, WAN-IFRA быйыл 28-сентябрда Жаңылыктын дүйнөлүк күнүн (2018-жылдан бери белгиленип келе жатат) “Чындыкты танда” деген ураан астында өткөрдү…
Улан Эшматов, журналист