Ысык-Көлдөгү «Лагуна Сити» эс алуу борбору мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.
Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин каржылоо боюнча катталган кылмыш ишинин негизинде баасы 5 млн. АКШ долларга бааланган «Лагуна Сити» эс алуу борбору мамлекеттин балансына өткөрүлдү.