whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
28.04.2025
34.1 C
Бишкек
Башкы беткеЖогорку кеңешНурланбек Шакиев мыйзам чыгарууда сапатка өзгөчө көңүл бурууга чакырды

Нурланбек Шакиев мыйзам чыгарууда сапатка өзгөчө көңүл бурууга чакырды

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев министрлер кабинетинин өкүлдөрүн мыйзам чыгарууда сапатка өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

“Жогорку Кеңеш учур талабына, шарт-жагдайга ылайык, министрлер кабинети тарабынан сунушталган керектүү мыйзам долбоорлорун ыкчам түрдө колдоп берип келдик. Кабыл алынган мыйзамдар өнүгүүгө өбөлгө түзүп, президент жана министрлер кабинети өзү да белгилегендей, мамлекетибизде бир топ жылыштар болгону анык. Бирок мындан ары демилгеленген мыйзам долбоорлоруна карата көзөмөл күчөтүлөт. Эгер мыйзам чийки болсо же аны баяндамачылар айтып бере албай олтурса кабыл албайбыз. Андыктан, министрлер кабинети мыйзам чыгаруу ишине жана парламентке карата мамилени өзгөртүшү керек”, – деди төрага Нурланбек Шакиев.

Ошондой эле Жогорку Кеңеш өлкөдөгү туруктуулукка жана экономикалык өнүгүүгө өзгөчө салым кошконун белгилеген төрага: “Мындан ары да алгылыктуу иштерди улантып, ар бир мыйзамды кабыл алууда көзөмөлдү күчөтөбүз”, – деп кошумчалады.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар