Среда, 25 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

Бишкекте автобус жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерден кызды сүзүп кетти

Бишкекте автобус жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерден кызды сүзүп кетти. Жол кырсыгы бүгүн, 7-октябрда саат 9.00дөр чамасында Чүй проспектисинде болгон.

18 жаштагы кызды түштүктөн түндүккө карай зебрадан өтүп бара жатып, автобус сүзүп кеткен. Жабырлануучуну тез жардам кызматкерлери оор жаракат менен алып кетишкен.

Алдын ала маалыматтар боюнча, анын кабыргалары сынып, ички органдары катуу жабыркаган жана көп кан жоготкон. Автобустун айдоочусун укук коргоо кызматкерлери алып кетишти, ал эми унаа айып жайга киргизилди.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар