Күн мурун Ош шаарынын борбордук аянтында милиция кызматкерлерине 25 автоунаанын ачкычтары тапшырылды.
Иш-чарага катышкан ички иштер министри Улан Ниязбеков:
«Урматтуу президентибиз Садыр Жапаровдун жеке тапшырмасынын негизинде, Ош облустук ички иштер башкармалыгына жана Күзөт кызматына 25 даана жаңы үлгүдөгү автоунааларды тапшырып жатабыз.
Сиздерге тапшырылган каражаттарга аяр мамиле жасап, элге тынч жана коркунучу жок жашоо шартын түзүүгө пайдаланып, элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатууга карата иш алып барыңыздар», — деди.