Кыргызстандын АКШдагы жана Канадагы элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча жардамчысы Дональд Лу менен жолугушту.
Анда элчи кыргыз студенттери үчүн Америка визасынын мөөнөтүн бир жылдан беш жылга узартуу, кыргыз жана америкалык банктардын ортосунда корреспонденттик эсептерди ачууга көмөктөшүү ошондой эле, кыргызстандык жүк ташуучу автоунаа айдоочуларын жана медайымдарды АКШга убактылуу жумушка тартуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу маселесин көтөрдү. Андан сырткары, көп тараптуу мамилелерди бекемдөө боюнча өз сунуштарын ортого салды. Өз кезегинде Дональд Лу кыргыз студенттери үчүн виза мөөнөтүн узартуу сунушун колдоп, бул маселени ишке ашыруу боюнча конкреттүү сунуштарын берди.