2023-жылы Кыргызстанда 6945 жол транспорт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 783 киши жарык дүйнө менен кош айтышкан. Бул көрсөткүч 2022-жылга салыштырмалуу 13,5 пайызга көбүрөөк. Тактай кетсек, 2022-жылы республикабыздын аймагында 7040 жол транспорт кырсыктары катталып, 11049 киши жабыр тартып, ар кандай дене жаракаттарын алып, 690 киши каза тапкан.
2024-жылдын алты айында эле өлкөнүн жолдорунда 3060 жол транспорт кырсыгы катталып, 280 киши каза тапты. Ал эми 4,5 миң киши жол кырсыктарынан жабыр тартып, алардын көбү оор жаракаттарды алышкан. Жарым жыл аралыгында жол эрежелерин бузуучулардан 278 млн. 285 миң айып пул төлөтүлүп алынган.
Сандар айтып тургандай, өлкөбүздүн жолдору күн сайын жол транспорт кырсыктарынан куру эмес. Орто эсеп менен алсак, күн сайын жол кырсыктарынан улам эки киши жарык дүйнө менен кош айтышат. Эмне үчүн мындай? Жол транспорт кырсыктарынын башкы күнөөкөрлөрү кимдер?
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы ЖТКнын 92%ынын башкы күнөөкөрлөрү айдоочулар деп эсептешет. Бир учурда эле бир нече кишинин өлүмү катталган автожолдор катары Бишкек – Нарын – Торугарт жолун жана Бишкек – Суусамыр – Ош жолун, Суусамыр – Талас – Тараз жолун айтсак болот. Алсак, үстүбүздөгү жылдын 26-январында Бишкек – Нарын – Торугарт трассасынын 38-чакырымында ЖТК катталып, 5 киши мүрт кетип, 13 киши ар кандай жаракаттарды алышкан. 17-февралда катталган Суусамыр-Талас-Тараз жолундагы жол-транспорт кырсыгында 10 киши жабыр тарткан. Жол кырсыктарынын себеби, жолдо жүрүү эрежелерин сактабагандык, автоунааны жогорку ылдамдыкта айдоо. Тагыраак айтканда, адамдык фактор.
22-февралда Бишкек шаарынын Аламүдүн-1 кичирайонунун аймагындагы өнөр жай зонасында мына ошол адамдык фактордун айынан мектеп окуучусунун өлүмүнө апкелген жол кырсыгы катталган. Айтымда, жол четинде токтоп турган жүк ташуучу фура ордунан жыла бергенде мектеп окуучусун коюп кетип, бечара кыз жарык дүйнө менен кош айтышкан. Мында айдоочуну жогорку ылдамдык менен бараткан деп айыптай албайсың. Фура жол четине токтоп турган. Ошол тушта тротуар жок болгондуктан, окуучу фураны айланып өтүп бара жаткан. Фурасын ордунан жылдырган айдоочу эки жагын караган эмес. Демек, биерде, айдоочунун этиетсиздигинен тышкары, ошол тушта тротуардын жоктугу, ал жерге жүк ташуучу машинаны токтотууга болбой турганы өңдүү факторлор да бар.
Мамлекет жол кырсыктарын болтурбоо үчүн “Коопсуз шаар” долбоорун киргизип, колдон келген аракеттеринин баарын жасап жатканына карабай, жол транспорт кырсыктары жылдан жылга көбөйүп жатканы өтө кейиш жаратат. Жол кырсыктарынын кишинин өлүмү менен коштолгону элдин нааразылыгын жаратып, Сокулук районунун Гавриловка айылынын тургундары райондун жетекчилиги менен жолугушту.
Элдин нааразы болгонундай эле бар. Жакында Сокулук районунун Гавриловка айылында Ат-Башыдан конокко келген 70 жаштагы аялды жөө кишилер өтчү өтмөктөн өтүп бараткан жеринен машина коюп кетип, каза болуп калган. Айтымда, автомобилдердин бири жөө кишини көрүп токтогон, ал эми экинчи тилкеде келаткан машина катуу ылдамдыкта келаткандыктан, айдоочу машинасын токтотууга жетишпей калган.
Жергиликтүү элдер “Бул жерге сөзсүз светофор коюш керек, Бишкек – Кара-Балта – Чалдовар трассасынын боюнда мектептер, бала бакчалар жайгашкан. Дайыма эле балдарыбызды мектепке алпарып, апкеле албайбыз, балдарыбыз жолдон аман-эсен өттү болду бекен деп, сарсанаа чегебиз” дешет.
Чынында эле тынчсызданчу нерсе. Бишкек-Кара-Балта жолунун ушул участогунда быйыл сентябрдын башында 2-класс-тын окуучусу жол кырсыгынан каза тапса, жакында 5-класстын окуучусу кечки иңирде жолдон өтүп баратып, машинанын алдында калган.
Бул жол кырсыктарынын баарында негизги күнөөлүүлөр – айдоочулар. Каякка шашат, эмнеге шашат, эмнеге адыраңдатып айдашат. Түшүнүп болбойт.
4-октябрда “Мерседес-Бенц Спринтер” кичи автобусунун айдоочусу рулду башкара албай калып, Гавриловка айылынын Фрунзе көчөсүндөгү бала бакчанын дубалын барып сүзгөн. Бул учурда ушул эле багытта бараткан башка айдоочулар токтоп, жөө адамдарды жолдон өткөрүп жатышкан.
Мунун өзү эмнени билдирет? Бул кичиавтобус катуу ылдамдыкта келатканын, айдоочу руль башкарууга жөндөмсүз абалда экенин түшүндүрөт.
Минтип Бишкек-Кара-Балта кан жолунда эмес, узуну 400 метрден ашпаган көчөдө деле ит куугандай айдашкан айдоочулардын жаш балдардын өмүрүн кыйып жатканына не дей алабыз. 4-октябрда Арча-Бешик конушунун Эр Тайлак көчөсүндө катуу ылдамдыкта келаткан “Лексус” автоунаасынын айдоочусу тротуарда ойноп жүргөн 10 жашар кызды коюп кетип, токтоп калбастан жеке менчик бала бакчанын темир тосмосун сүзүп кирип, наркы капталындагы дубалды уратып барып токтогон. Көргөн-билгендер кеминде саатына 100 чакырымдан кем эмес ылдамдыкта айдаган деп айтышууда. Чоң жол, мелмилдеген трасса болсо да, айдоочуну түшүнсө болот, 400 метрлик көчүк айланбаган көчө жолунда 100 чакырымдан ашык ылдамдык менен айдаганы эмнени билдирет? Айдоочу 16 жаштагы мектеп окуучусу экен.
Бизде жолдо жүрүүнүн эрежелерин бузбай айдагандарга салыштырмалуу бузуп айдагандар көп. Алар муну аң-сезимдүү эле жасашат. Ичип алып рулга отурбаш керектигин, айдоочулук күбөлүктөн ажырап калышың ыктымал экенин билип туруп ичип алгандарга не дейсиң. Республика боюнча жумасына 250-300дүн тегерегинде алкоголь ичимдиктерин ичип алып айдагандар кармалат. 16-22-сентябрдын аралыгында 14 617 жол эрежелерин бузгандар кармалса, анын 199у алкоголь ичимдиктерин ичип алып айдагандар болушкан. Баткенде акыркы бир жумада 963 айдоочу жол эрежелерин сактабай кармалса, сегизи аракка тоюп алып, айдап жүрүшкөн. Бишкекте ичип алып айдаган “баатырлар” андан көп – 28. Мунун өзү эмнени билдирет? Жоопкерчиликсиздикти!
Демек, мына ушул ичип алып айдагандарга катуураак жаза керекпи деп ойлойсуң. Балким, арак ичип алып айдагандардын айдоочулук күбөлүгүн биротоло алып койгон дурустур. Андан соң, ал “баатырлар” каалашынча ичип, жүрө берсин. Эң башкысы жолдорубузда кырсык азаймак.
Былтыр айдоочулук тажрыйбасы бир жылга жетпегендер катышкан 617 жол транспорт кырсыгы катталыптыр. Бул, албетте, чоң көрсөткүч. Тажрыйбасы аздар абайлабаса, жол эрежелерин бекем карманбаса болбойт.
Айтор, жол транспорт кырсыктарын карап отуруп, жүрөк титирейт. Акыркы мезгилде скутерлер да жол кырсыктарынын себепкерлери болуп жатышат.
Ушундан улам, жол эрежелерин бузгандар үчүн жазаны катуулатуу, киши өлүмүнө себепкер болгон айдоочулар үчүн өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын киргизүү зарыл болуп жүрбөсүн деп да ойлойсуң.
Болотбек Таштаналиев, “Кыргыз Туусу”