Кыргызстанда 7-октябрдан 13-октябрга чейинки бир жума аралыгында алдын ала маалымат боюнча, 18 миң 276 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Анын ичинен:
-тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 495;
-мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 217;
-авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 56;
-жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 457;
-транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 2 860;
-авто ээнбаштык – 11;
-белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 048;
-жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 5;
-башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 127;
Ошондой эле, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 498 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.