Кечээ өлкөдө 45 жаңы объект пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.
Ал белгилегендей, жаңы объектилердин ачылыш аземине МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров онлайн катышты.
Ишке берилген объектилердин арасында турак үйлөр, мектеп, бала бакча, өндүрүш ишканалары жана башкалар бар.
Атап айтканда, Баткен облусунда 25 объект: 4 административдик имарат; 4 кызматтык турак үй; 3 тигүүчү цех; 3 эс алуучу парк; 3 спорт зал; 2 мектеп; 2 бала бакча; 2 логистикалык борбор; 1 лаборатория; 1 ишкана ачылса, Ош облусунда 10 объект: 3 өнөр жай ишканасы; 3 бала бакча; 2 мектеп; 2 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу; 2 тигүүчү цех; 1 көмүрдү кайра иштетүүчү ишкана; Ысык-Көл облусу боюнча 4 объект: Лесное айылындагы (Теплоключенка) кичи ГЭС; Жаңы-Арык айылындагы курулуш материалдарын чыгаруу-чу ишкана; Балыкчы шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу жайдын курулушу; Түп айылында райондук жалпы дарыгердик практика борбору ачылган.
Нарын облусунда 3 объект: Төш-Булак, Орук-Там, Ак-Кыя жана Орто-Саз, Жаңы-Жол айылдарындагы таза суу системасы; Эчки-Башы айылында ФАП; Жалал-Абад облусунда 2 объект: Жазгак айылындагы № 34 Жазгак жалпы билим берүүчү мектебинин спорт залы; Арстанбап айылында №50 мектепке чейинки билим берүү уюму; Талас облусунда 1 объект: Акназаров айыл аймагында Кызыл-Жар жана Жалпактил каналы пайдаланууга берилди.