Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Казакстандын Айыл чарба министри Айдарбек Сапаров менен жолукту.
Бакыт Төрөбаев айыл чарба тармагында эки өлкөнүн өнөктөштүгүн чыңдоонун маанилүүлүгүн айтып, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, жеткирүү түйүндөрүн өнүктүрүү жана заманбап технологияларды киргизүү жаатында биргелешкен иштердин олуттуу потенциалын белгиледи.
Айдарбек Сапаров өз кезегинде Казакстан Кыргызстан менен айыл чарба тармагында кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин ырастап, тажрыйба алмашуунун жана биргелешкен долбоорлорго инвестиция тартуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар айыл чарба тармагындагы кызматташууну чыңдоо Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин мындан аркы өнүгүшүнө өбөлгө болоруна ишенимин билдиришти.