Четверг, 26 декабря, 2024
-11.9 C
Бишкек

Бишкекте жылуулук 22-октябрдан тарта бериле баштайт

Бишкекте жылуулук 22-октябрдан тарта бериле баштайт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жылуулук биринчи жолу эрте берилип жатат. Бул синоптиктердин абанын температурасынын төмөндөшү тууралуу божомолуна байланыштуу мындай чечим кабыл алынган.

Эске салсак, Бишкек мэриясы абанын орточо температурасы 5 күн бою +8 градус болгон учурда жылуулук берилээрин маалымдаган эле.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар