Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын алыскы аймактарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына Президенттик фонддон бөлүнгөн тез жардам унааларын тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Иш-чара эски аянтта өтүп, анда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине тез жардам унааларынын ачкычтарын тапшырды.