Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров үстүбүздөгү жылдын 19-21-октябрь күндөрү Россия Федерациясынын Москва шаарына расмий сапар менен барат.
Расмий сапардын жүрүшүндө Акылбек Жапаров Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргызстандын Россиядагы Маданият күндөрүн майрамдоого арналган иш-чараларга катышат.
Ошондой эле Акылбек Жапаров жана Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Кыргызстан министрлер кабинети менен Россия өкмөтүнүн биргелешкен жыйынын өткөрөт.