Айсулуу Тыныбекова Аялдар күрөшү федерациясынын вице-президенти болуп шайланды.
Ал кыз-келиндер күрөшүн өнүктүрүүнү каалай турганын билдирген. Ошондой эле белгилүү убакыттан кийин карьерасын улантарын айткан.
Тыныбекова Олимпиада оюндарынын күмүш жана коло байге ээси, дүйнө жана Азия чемпионаттарында бир нече жолу алтын алган.
Тыныбековага чейин Динара Исаева вице-президент (2014-жылдан бери) болгон.