Ош шаарында жаңы борбордук көрүстөн үчүн жалпы 13 гектар жер бөлүнгөн. Ага баруучу жолго толук асфальт басылып, жарыктандыруу үчүн мамычалар орнотулду. Көрүстөндүн айланасына тосмо, суу резервуары курулуп, атайын шаймандарды сактоого контейнер коюлду.
Учурда коомдук транспорт үчүн аялдамдарды уюштуруу, ирригациялык тармактарды, тротуарларды куруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Айта кетсек, долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн жарандарды тейлөө бюросу тарабынан 10 млн. сомдук демөөрчүлүк жардам тартылган.