Четверг, 26 декабря, 2024
-12.9 C
Бишкек

Бишкекте Мактымкулу Фрагинин 300 жылдыгына арналган конференция өттү

Бүгүн Бишкекте Түркмөнстандын классик акыны жана ойчулу Мактымкулу Фрагинин 300 жылдыгына арналган “Мактымкулу Фрагинин чыгармачылыгынын дүйнөлүк адабиятка кошкон салымы” аттуу темада эл аралык илимий конференция өттү.

Иш-чара Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан уюштурулуп, ага Түркмөнстандын элчиси Нуры Голлиев, Кыргызстандын билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев, БУУнун Кыргызстандагы тутумунун координатору Антье Граве катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө фотокөргөзмө, Кыргызстанда тартылган «Мактымкулу дүйнө эсинде» даректүү тасмасы көрсөтүлүп, акындын тандалган чыгармаларынын бет ачары болду.

Элчи Нуры Голлиев иш-чара Түркмөнстан менен Кыргызстан элдеринин достугун  бекемдейт деген ишеничин билдирди.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар