Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров ЮНИСЕФтин Оштогу кеңсесинин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда калктын саламаттыгын сактоо жаатындагы биргелешкен аракеттерди улантуу боюнча айтылып, эне-баланын ден соолугуна, климаттын өзгөрүшүнө байланышкан маселелер талкууланды.
Ошондой эле 2024-2025-жылдарга карата иш-чаралардын планы да каралды.