Четверг, 26 декабря, 2024
-12.9 C
Бишкек

ЖК комитетинде 2025-жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору каралды

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда Министрлер Кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын 2025-жылга республикалык бюджети жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгили жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Депутаттар төмөнкү маселелелерге токтолушту:
-Дастан Бекешев республикалык бюджеттин профицитин белгилеп, бир катар социалдык маселелерди чечүүгө каражат жоктугуна, ошондой эле салык салуу тармагындагы маселелерге;
-Таалайбек Сарыбашов салык кызматкерлери салык маселеси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керектигин белгилеп, региондорду өнүктүрүү маселесине;
-Шарапаткан Мажитова медициналык жабдуулардын эскилиги, дары-дармектердин жетишсиздиги, социалдык объектилердин аянычтуу абалы тууралуу суроолорду берип, республикалык бюджеттин каражаттарын натыйжалуу пайдалануу керектигине;
-Эмил Токтошев салык жана бажы төлөмдөрүнүн ортосундагы айырмага, инфляциянын деңгээлине, түрткү берүүчү гранттарга;
-Камила Талиева республикалык бюджеттин негизги бөлүгү социалдык тармакка багытталганын, анын 39 млрд сому саламаттыкты сактоого бөлүнөрүн, бирок эч кандай майнап чыкпаганына, Республикалык бюджеттин каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугун көзөмөлгө алуунун зарылдыгына ж.б маселелерге токтолушту.

Тактай кетсек, мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 2025-жылы 428 млрд 780 млн сом суммасында же ИДПга карата 26,4% каралган. 2026-2027-жылдар аралыгында республикалык бюджеттин кирешеси тиешелүүлүгүнө жараша 465 млрд 500 млн сомду жана 513 млрд 640 млн сомду түзөт.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар