Четверг, 26 декабря, 2024
-12.9 C
Бишкек

Кыргызстанда логистика, транспорт жана кампа жабдууларынын I эл аралык көргөзмөcү өтүүдө

Бишкекте логистика, транспорт жана кампа жабдууларынын биринчи эл аралык адистештирилген көргөзмөсү ачылды. Ачылыш аземине экономика министринин орун басары Назарбек Малаев, КР Эл аралык жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасынын орун басары Игорь Голубев жана айрым мамлекеттик жана жеке менчик уюмдардын жетекчилери катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкен.

Көргөзмөгө Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Россия жана Түркиянын 35тен ашуун ири эл аралык компанияларынын өкүлдөрү катышып, алар логистика, кампа жабдуулары жана транспорт жаатындагы жаңы иштеп чыгууларды, жабдууларды жана кызматтарды көрсөтүшөт.

Көргөзмөнүн негизги максаты транспорттук логистиканы өнүктүрүүнүн перспективаларын талкуулоо, тажрыйба алмашуу үчүн бирдиктүү эл аралык платформаны түзүү, логистикалык компаниялардын ортосундагы алдыңкы өнүгүүлөр, соода жана логистика тармагындагы акыркы тренддер, технологиялар, инновациялар жөнүндө билим алуу, ошондой эле ишкердик байланыштарды кеңейтүү болуп саналат.

Мындай иш-чара Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлүп жаткандыгы жана экономикалык процесстерди мындан ары өнүктүрүүдө жана мамлекет, бизнес, илимий мекемелер жана эксперттик коомчулуктун өз ара аракеттешүүсүн чыңдоодо маанилүү роль ойной тургандыгы белгиленди.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар