Среда, 25 декабря, 2024
-2.9 C
Бишкек

УКМКнын кызматкерлери Ташовдун өзүнө атайылап залал келтиргенин аныктады

30-октябрда Имамидин Ташовдун бычактан алган эки жаракатын УКМКнын убактылуу кармоочу жайынын кызматкерлери пландуу текшерүүнүн жүрүшүндө коомчулуктун көңүлүн буруу максатында өзүнүн ден соолугуна атайылап залал келтирген деп аныктады.

Ташовго ИИМдин медицина кызматкерлери тарабынан биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Тез жардам кызматы келгенде  №4 шаардык ооруканага жеткирүү чечими кабыл алынып, анын абалы туруктуу деп бааланган. №4 шаардык оорукананын дарыгери аны текшерүү учурунда, Имамидин Ташов УКМКнын абагында ага карата кыйноолор болуп жатканын айткан.

Ал эми атайын кызмат бул маалымат чындыкка дал келбей турганын айтып, муну мекемедеги видеокөзөмөл камералары далилдеп турарын баса белгилейт.

Ташов менен бир камерада отурган адамдын айтымында, ал устаранын лезвиясы менен денесине атайлап залал келтирген. Айрым маалыматтар боюнча, Ташов жакын адамдары менен сүйлөшүп алып, өз жанын кыюуга даярданган.

Ошол эле учурда бул тууралуу прокуратурага кабарланып, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери чакырылган. Ал эми Имамидин Ташов Улуттук трансплантология борборунун кызматкерлеринин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты.

Учурда Ташов Биринчи май райондук сотунун чечими менен Юстиция министрлигинин алдындагы №21 тергөө абагына которулду.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар