Күн мурун Кыргызстандын башкы прокурору Максат Асаналиев Россия башкы прокурору Игорь Краснов жана Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
Башкы прокуратурадан билдиришкендей, башкы прокурор Максат Асаналиевдин Москва шаарына болгон иш сапарынын алкагында орун алды.
Россия башкы прокурору Игорь Краснов менен болгон жолугушууда эки тараптуу кызматташтык маселелери жана ар кандай укуктук чөйрөлөрдө тажрыйба алмашуу талкууланды. Айрыкча, эки өлкөнүн прокуратураларынын ортосундагы 2024-2025-жылдарга карата кызматташтык Планын ийгиликтүү ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. Максат Асаналиев бул Пландын алкагындагы иш-чаралар өз убагында аткарылып жатканын жана бул ведомстволор аралык кызматташуунун жогорку деңгээлин тастыктарын белгиледи.
Ошондой эле тараптар КМШ өлкөлөрүнүн Башкы прокурорлорунун координациялык кеңеши жана ШКУга мүчө өлкөлөрдүн башкы прокурорлорунун жыйындары сыяктуу эл аралык уюмдардагы кызматташууну талкуулашты. Тараптар укук тартибин бекемдөөгө жана тажрыйба алмашууга багытталган биргелешкен иш-чараларга катышууну улантууга берилгендигин ырасташты. Айрыкча, кыргызстандык жана россиялык кесиптештер ишкерлердин укуктарын коргоо жана инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча тажрыйба алмашуу үчүн Кыргызстанда өтө турган иш-чараны талкуулашты. Жолугушуунун натыйжаларынын бири – аскер прокуратуралары боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюу болду, бул мындан аркы кызматташууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Россиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин менен болгон жолугушууда тараптар чек ара аралык кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү маселелерин талкуулашты. Жолугушуунун маанилүү жыйынтыгы Кыргызстандын Башкы прокуратурасы менен Россиянын Тергөө комитетинин ортосундагы кызматташтык боюнча келишимге кол коюу болду. Бул келишим тажрыйба алмашууга жана укук колдонуу практикасын жакшыртууга багытталган биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө жаңы платформаны түзөт.
Ошондой эле тараптар эл аралык тергөө тапшырмаларын аткаруу жана кылмыш иштерин иликтөөдө өз ара укуктук жардам көрсөтүү боюнча кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Тараптар кылмыштуулук менен күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн мындан ары дагы кызматташууну бекемдөөгө ишенимин билдиришти.
Максат Асаналиев жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн жана алардын жарандарынын жыргалчылыгы үчүн мындан аркы жемиштүү кызматташтыкты улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.