30-октябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарылуучу “Мейкин” сый акысына талапкерлерди тандоо жана ыйгаруу боюнча комиссиянын курамы талапкерлердин кыска тизмесин аныктады.
Журналистика коомчулугунун өкүлдөрүнөн, коомдук ишмерлерден жана медиа эксперттерден турган комиссия сыйлыкка сунушталган 150дөн ашык талапкердин арасынан кылдаттык менен татыктуусун тандап алды.
Белгилей кетсек, комиссиянын курамына мамлекеттик органдардан 2 (эки) гана өкүл кирген, калган 9 (тогуз) адам көз карандысыз маалымат каражаттарынан жана журналисттик профилдеги окуу жайларынын өкүлдөрү кирген. Комиссиянын мындай курамы талапкерлерди аныктоодо максималдуу объективдүүлүктү жана айкындуулукту камсыз кылды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков белгилегендей, “Мейкин” сыйлыгы салттуу журналистиканын беделин бекемдөө жана анын өлкө үчүн маанилүүлүгүн белгилөө максатында уюштурулган.
“Өлкө Президенти ЖМК өкүлдөрү үчүн сынак өткөрүү демилгесин колдоду, анткени маалыматтуу коомду калыптандырууда көз карандысыз жана объективдүү журналистика маанилүү ролду ойнойт. Сынак биринчи жолу өтүп жатат, номинанттарды тандоо оңой болгон жок, бирок комиссия мыкты иштерди тандап алууга жетишти. Бул сынакты өткөрүү жакшы салтка айланып, күчтүү жана таланттуу журналисттерди өстүрүүгө мүмкүндүк берет деп ишенем”, – деп белгиледи
Д.Орунбеков.
“Мейкин” сыйлыгынын номинациялары: «Бир эл – бир түндүк»; «Керемет Кыргызстан»; «Салык – өнүгүүгө салым»; «Таза Мекен»; «Билим – келечек»; «Куттуу элет»; «Мекен жана мен»; «Мекендештер»; «Кыргызстанда иштеп чыгарылган» (Made in KG); «Сергек жашоо».
Белгилей кетсек, “Мейкин” сыйлыгы – медиа жана журналистика жаатында чыгармачылыкты колдоо жана жетишкендиктерди таануу, журналисттердин кесибинин беделин жогорулатуу жана чыгармачылык активдүүлүгүнө дем берүү максатын көздөйт. Сынактын жыйынтыгы мамлекеттик органдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана коомчулуктун катышуусунда салтанаттуу иш-чарада айтылаары күтүлүүдө. Бул иш-чара коомчулуктун жана бүтүндөй өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн иштеген журналисттердин эмгегин колдоо жана баалоодо маанилүү
кадам болот.
Т.ИСХАКОВ