Четверг, 26 декабря, 2024
-12.9 C
Бишкек

Сокулуктагы ата мекендик ишкана жылына 1 млн. жуп бут кийим чыгарууну көздөөдө

Сокулуктагы фабрика жылына 1 млн. жуп бут кийим чыгарууну көздөөдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон маалымдашкандай, Сокулук районунун Новопавловка айылындагы «Империал Групп Компани» фабрикасы бут кийимдерди тигүүдө италиялык роботтук жана санариптик технологияны пайдаланган атамекендик биринчи заманбап ишкана.

Компаниянын ишмердүүлүгү менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев таанышып чыкты. Ишкана материалдарын Россия, Италия жана Түркиядан алдырып келип, рынокко сапаттуу продукциясын чыгарат. Өндүрүш кубаттуулугу жылына 300 миң жупка жетип, 100гө чукул адам жумуш менен камсыздалган. Жакынкы жылдары компаниянын жетекчилиги өндүрүш кубаттуулугун жылына 1 млн жупка чейин кеңейтүүнү, кызматкерлердин санын 300 адамга чейин көбөйтүүнү пландоодо. Ошондой эле энергия менен камсыздоону турукташтыруу максатында фабриканын чатырына күн панелдерин орнотуу башталды. Бул кадам жашыл сертификат алууга мүмкүнчүлүк түзүп, экологиялык жактан таза өндүрүштү колдоого алат. Өзгөчө компаниянын бренддерин Европа рыногуна интеграциялоо үчүн маанилүү экендиги да айтылды.

Иш-чаранын жыйынтыгында компанияга экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, кайра иштетүүчү энергиянын булактарын колдонууда, жашыл өндүрүшкө өтүүдө ар тараптуу көмөк көрсөтүү боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар