Среда, 25 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

Акылбек Жапаров: «Үч жылдын ичинде өлкөнүн бюджети үч эсеге көбөйдү»

Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин ИДП жан башына 2500 доллардын тегерегинде болору күтүлүүдө. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Адамдык капитал жана туруктуу өнүгүү” темасына арналган жыл сайын өтүүчү Улуттук форумда сүйлөп жатып билдирди.

МинКаб башчысы Кыргызстанды жаңы бийиктиктерге көтөрө турган бирден-бир байлык, бирден-бир потенциал бул көп улуттуу элибизге мүнөздүү адамдык капитал экенин баса белгиледи.

«Президент өкмөттүн алдына эң маанилүү милдетти – жарандарыбыздын потенциалын ачуу, сапаттуу билим алуу жана жаңы кесиптерди өздөштүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, ден соолукту чыңдоо, чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү, жумуш орундарын көбөйтүү жана ар кандай демилгелерди колдоону так койду. Биз билимге, саламаттыкты сактоого, социалдык камсыздоого жумшалган инвестиция эртеңки күчтүү жана гүлдөп өнүккөн мамлекеттин пайдубалын түзгөн эң натыйжалуу инвестиция деп эсептейбиз. Бүгүнкү форум мамлекеттик органдарды, жеке секторду, жарандык коомду жана эл аралык өнөктөштөрдү биз туруктуулук жана тынчтык шарттарында ар бир адамга барктуу жашоого, окууга жана иштөөгө мүмкүнчүлүк бере турган Кыргызстанды кантип кура алаарыбыз тууралуу диалогго чакыруу болуп саналат», — деди ал.

Акылбек Жапаров учурдагы экономикалык саясат өлкөнүн позициясын бекемдөөгө мүмкүндүк бергенин белгиледи: өткөн жылы Кыргызстандын ИДПсы 1,2 триллион сомдон ашса, быйыл бул көрсөткүч 1,5 триллион сомго жетиши күтүлүүдө.

«Биз жан башына ИДП 2500 доллардын тегерегинде болот деп күтүп жатабыз, ошондуктан ИДП төрт жылда эки эсе өстү деп айта алабыз. Үч жылдын ичинде өлкөнүн бюджети үч эсеге көбөйдү, 2020-жылы 247,7 миллиард сомду түздү, ал эми 2024-жылы 660 миллиард сомдон ашат”, — деп белгилеген МинКаб башчысы өлкөнүн идеологиясынын үч принциби катары: мамлекеттин бүтүндүгү, элдин биримдиги жана салыктарды толук жана өз убагында төлөө милдеттүүлүгүн эске салды.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар