Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын борбор калаасы. Шаар тарыхка бай, кылым карыткан шаарлардын катарына кирет. Бишкектин айланасында алгачкы адамдар биздин заманга чейин 4-5-миң жылдыктарда жашагандыгын далилдейт. Биздин заманга чейин 2 миң жылдыктын аягында азыркы шаардын аймагында коло доорунун уруулары жайланышкан. Алар малчылык, дыйканчылык, карапа өндүрүшү жана металлургиялык өнөрчүлүктөрдү аркалап келишкен.
Темир доорунун башталышы менен Кыргызстандын аймагында сак уруу бирликтери түзүлгөн. Бишкек шаары өзүнүн географиялык абалы, тарыхы боюнча Улуу Жибек Жолу менен тыгыз байланыштуу. Байыркы убактан баштап кербендер Кытайдан эки каттам менен өтүп турушкан.
Кыргыз Ала-Тоосунун өрөөндүү жериндеги жолдун чыгыш бутагы (Кордай аркылуу) Чүй өрөөнүнө чыккан жана бул жактан Ысык-Көлдүн жанынан Борбордук Тянь-Шань аркылуу өткөн башка жол менен кезиккен. Дал ушул жолдордун кесилишинде байыртадан көпөстөр үчүн эс алуу жайы болгон кербен-сарай жайгашкан. Бул жер тилкеси эзелтеден кыргыздардын солто уруусуна таандык экендиги тарыхый белгиленген. Бул жерлердин жолдорунда адатта жандуу соода жүргүзүлүп турган.
Ал эми бүгүнкү күндө Бишкек шаары – Кыргыз Республикасынын борбору, жан дүйнөсү жана жүрөгү, анын саясий, экономикалык, илимий жана маданий борбору, негизги унаа түйүнү. Азыркы учурда биздин шаарыбыз жаңы жа-шоого толугу менен умтулууда. Ал эркин ишкердик шарттарда алга карай кайра түзүлүүдө.
Административдик-аймактык реформа жүргүзүлгөндөн кийин шаардын аймагы – 41 081,33 га. түздү. Калкынын саны –1 294,8 миң адам. Бишкек – республиканын мамлекеттик бийлигинин жогорку органдары, чет өлкөлүк мамлекеттердин элчиликтери жайгашкан жер.
Бишкекте Кыргызстандын бардык өнөр жайынын көпчүлүк бөлүгү орун алган. Эң эле жигердүү өнүгүп жаткан өнөр жай тармактары болуп машина куруу, текстиль өндүрүшү, курулуш материалдары жана тамак-аш өнөр жайлары болуп эсептелет.
Шаардын маалыматтык инфратүзүмү жигердүү түрдө өнүгүп жатат: бир нече Интернет-провайдерлер, көп сандаган локалдык, глобалдык, корпоративдик эсептөө тармактары түзүлдү, уюлдук байланыштардын бир катар операторлору иштеп жатат.
Шаарда Mersedes-Benz, Audi-VW, Sumitomo, Federal Express, DHL, UPS, LG-Elektronics, Daewoo, Phillips, Siemens, Panasonic, Reemtsma, Coca-Cola ж.б. ири эл аралык фирмалардын өкүлчүлүктөрү толук кандуу калкка кызмат кылууда.
Банк тутуму өзүнө 21 банкты камтыйт, алар чет өлкөлүк ири банктар менен корреспонденттик мамилелерде байланышат. Бир нече банк VIZA жана EVROPAY эл аралык эсептешүү тутумуна кирет. Накталай эмес эсептешүүлөрдүн улуттук тутуму түзүлгөн.
Илим жана билим берүү тармагында, Улуттук Илимдер Академиясы жана көп сандаган орто жана жогорку окуу жайларды айтсак, 18 университет, 20 институт, 9 академия бар.
Бишкек шаары – Кыргызстандын улуттук маданиятынын борбору. Анда музыкалык жана драмалык театрлар, Филармония, китепканалар, музейлер жайгашкан. Шаар жылдын бардык мезгилинде эң сонун жана кооз, таза болуп турат.
Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджети
Бишкек шаарынын 2024-жылга консолидацияланган бюджети 32 млрд. 590,4 млн. сом түздү. Анын ичинен тизмектеп берсем:
Бишкек шаарынын 2024-жылга бюджети 25 млрд. 617,4 млн. сом суммасында бекитилди, мында:
1) Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджети 24 млрд. 749,3 млн.сом, анын ичинен:
2) АТР боюнча кошулган айыл аймактарынын бюджети – 868,1 млн.
3) Ошондой эле, 2024-жылы республикалык бюджеттен 6 млрд. 973,0 млн. сом суммасында максаттуу трансферттерди бөлүү пландаштырылган.
Бишкек шаарынын 2025-жылга жергиликтүү бюджети алдын ала болжолдоолор боюнча республикалык бюджеттен трансферттерди эсепке албаганда 21 млрд. 690,4 млн. сом суммасында түзүлдү, анын ичинде:
– салыктык түшүүлөр боюнча – 16 млрд. 080,1 млн. сом;
– салыктык эмес кирешелер боюнча – 3 млрд. 110,2 млн. сом;
– активдер жана милдеттенмелер боюнча – 2 млрд. 500,0 млн. сом;
9 айдагы жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы
Активдерди жана милдеттенмелерди эсепке алуу менен иш жүзүндөгү түшүү трансферттер 23 млрд. 316,6 млн. сом же 91,9% түздү (план 25 млрд. 375,6 млн.сом, 2 млрд. 59,0 млн.сом кем аткарылды). Анын ичинде:
Салыктык кирешелер 11 млрд. 766,5 млн.сом же 93,4% түздү (план 12 млрд. 603,3 млн. сом, 836,8 миң сомго кем аткарылды).
Салыктык эмес кирешелер 1 млрд. 866,2 млн. сом же 105,4 % түздү (план 1770,2 млн. сом, пландан 96,0 млн. сомго ашыкча түшкөн).
Административдик-аймактык реформа
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2023-жылы 30-декабрда “Административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” кол койгон жарлыкка ылайык, Бишкек шаарына Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондорунан төмөнкү жерлер кошулду:
8 айыл аймагы толугу менен, 2 айыл, 5 конуш, 4 контур башка айыл аймагынан кирди.
Аламүдүн району боюнча: Көк-Жар, Маевка, Пригород, Аламүдүн, Лебединовка, Төмөнкү-Ала-Арча айыл аймактары толук кошулду. Мындан сырткары, Таш-Дөбө айыл аймагынын Орто-Сай айылы, Кара-Жыгач айыл аймагынын «Анар-Бак» калктуу конушу жана № 544, 545, 552 контурлары;
– Ак-Дөбө айыл аймагынын «Алтын-Казык» калктуу конушу, Ленин айыл аймагынын “Мыкан” айылы жана «Ак-Жар», «Нуркожо-Ата», «Адилет» калктуу конуштары.
Сокулук району боюнча, Новопавловка, Орок айыл аймактары жана Ат-Башы айыл аймагынын Ак-Жол айылынын №177 контуру Бишкек шаарына кошулду.
Реформанын алкагында, үстүбүздөгү жылы кошулган аймактардын курулуш жана оңдоо иштерине 802,9 млн. сом каралды. 21 муниципалдык ишкана жана 121 бирдик автотранспорт, атайын техникалар өттү.
Башталып жаткан ири инвестициялар
Энергия алуу үчүн катуу тиричилик калдыктарды кайра иштеп чыгуу заводун куруу (мусоросжигающий завод).
Калдыктарды кайра иштеп чыгуу боюнча 1 000 тоннага күндөлүк жана жылдык өндүрүмдүүлүгү 365 000 тонна жана электр-энергия өндүрүүчү завод иштери башталып жатат. Жалпы инвестициянын суммасы 95 млн. АКШ долларын түзөт. (ОсОО «Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест» (Кытай Эл Республикасы).
Бишкек шаарынын аймагында асма жол куруу (Канатная дорога).
“Манас проспектисинен бойлой Жибек-Жолу проспектисинен Түштүк магистралына чейинки узундугу 6 км, суткасына 50-100 миң адамды өткөрө турган Асма жолдун курулушу каралууда. Азыркы учурда демөөрчүлөр табылып, 300 миң АКШ доллар бөлүнүп, ТЭО Ропвей (Ropway) долбоордук группа тарабынан даярдалып жатат.
Бишкек шаарындагы ТЭЦке буу турбиналарын орнотуу.
«Doosan Skoda Power MTD-40 СА» типиндеги буу турбиналарын 95 МВт электр энергиясын өндүрүүчү ток генератору менен орнотуу. Жалпы инвестициянын суммасы 145 млн. АКШ долларын түзөт. (ЖЧК «Янги Авлод Курулуш Инвест» (Өзбекстан Республикасы) жана «Азия Контракшн» ЖЧК (Бириккен Араб Эмираттары) түрүндөгү
Консорциум).
ТЭЦ «Бишкексельмаш» техникалык жабдуу «курулуш-эксплуатация-өтүү» моделине ылайык камсыздоо.
240 МВт жылуулук кубаттуулугу жана 100 МВт электр кубаттуулугу бар жылуулук электр станциясын орнотуу. Жалпы инвестициянын суммасы 210 млн. АКШ долларды түзөт (АК «Алтай Энерджи» (Түркия).
ТЭЦ-2нин аймагында жаратылыш газында иштеген электр станциясын куруу.
Бишкек шаарындагы ТЭЦ-2нин аймагында белгиленген кубаттуулугу 250 МВттан ашык жаратылыш газы менен иштеген электр станциясын куруу, эксплуатациялоо жана тейлөө. Жалпы инвестициянын суммасы 300 млн. АКШ долларын түзөт (ААК «Борбор Азия Инвестициялык Холдинг»).
Бишкек шаарында бизнес борборлору, турак-жай, социалдык жана инфраструктуралык объектилери, сейил бактары бар имараттардын комплексин куруу (иштелип чыгууда).
Бишкек шаарындагы эски Ак-Кула ипподромунун ордунда бизнес борборлору, турак жай, социалдык жана инфраструктуралык объектилери, сейил бактары бар имараттардын комплексин куруу. Жалпы инвестициянын суммасы 300 млн. АКШ долларын түзөт (РЦА Ливинг (ТНЖ жана РОКС туунду компаниясы) (Вьетнам).
Бишкек шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды реконструкциялоо жана модернизациялоо (иштелип чыгууда).
Саркынды сууларды тазалоонун эффективдүүлүгүн жогорулатуу, биологиялык тазалоону азыктандыруучу заттардын негизинде саркынды сууларды тереңдетип тазалоонун (380 миң куб чейин суткасына) заманбап технологиясына өткөрүү (Водоканал). Жалпы инвестициянын суммасы 56 млн. АКШ долларын түзөт. (50/50) төлөм) (АК SFC «PHU DIEN» (Вьетнам)).
Курулуш (капиталдык курулуш, реконструкция, капиталдык ремонт ж.б.) маселелер
Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан 2024-жылга 4 млрд. 841 млн. сом курулуш тармагына акча каражаты каралып жалпы 180 объектиде иштер жүрүп жатат жана бүткөрүлдү.
- Шаардык бюджеттен капиталдык салымдарга 3 млрд. 170 млн. сом, ал эми рес-публикалык бюджеттен 76 млн. 221 миң сом каралды:
Объектилердин аталышы | Жалпы саны | Бүткөндөрү |
Мектеп, бала-бакча, саламаттык сактоо | 24 | 14 |
Эс алуу жайлары (Сквер) | 2 | 1 |
Инженердик тармактар (канализация, таза суу түтүктөрү, скважина, электр тармактар) | 26 | 12 |
- Шаардык бюджеттен капиталдык оңдоого 1 млрд. 595 млн. сом каралды:
Объектилердин аталышы | Жалпы саны | Бүткөндөрү |
Билим берүү мекемелерине | 85 | 79 |
Маданият жана спорт, көрктөндүрүү, социалдык объектилердин инженердик тармактар | 43 | 31 |
Шаардык бюджеттен каржыланган ири объектилер
Борбордук аянт толугу менен реконструкцияланып, заманбап фонтан системалары орнотулду (шаардык бюджеттен 628 млн. сом каралды). Жаңы фонтандар (5 шаркыратма), эски таманташтардын ордуна гранит такталарын, тепкичтин эски кызыл граниттерин жаңылоо (калыңдыгын 5 см кылып кесүү, түздөө), Илбирс имаратынын мрамор таштарын реставрациялоо иштери аткарылды.
Мамлекеттик туунун флагштоктун бийиктиги 100 метр. Желектин өзүнүн өлчөмү узуну 30/18 метрди түзөт.
«Алга» республикалык дене тарбия жана спорт борборунун ордуна трибуналары бар көп функционалдуу стадион куруу ишке ашырылууда. Бул стадион ФИФАнын талаптарына ылайык курулуп жатат: футбол аянтчасы (атайын трибунасы менен), машыгуу өткөрүүчү футбол аянтчалары, волейбол, баскетбол ойноочу спорт аянтча, спортчулар үчүн атайын жатакана имараты, жабык типтеги атайын Ден соолукту чыңдоочу спорт комплексинин имараты каралган (шаардык бюджеттен 520 млн.
сом каралды).
Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун кичи аренасын кайра жандандыруу иштери жүрүп жатат. Бул иш-чаранын алкагында айланасындагы бардык кафелер алынып, жер мамлекеттин карамагына өткөрүлүп, учурда активдүү курулуш иштери жүрүүдө (шаардык бюджеттен 500 млн. сом каралды).
Чыгыш-5 кичи районунда «Баластан» балдар-бакчасынын реконструкциялоо иштери аткарылып колдонууга берилди. Бала бакчада спорт зал, чечинүүчү жай, оюн бөлмөсү, уктоочу бөлмө, ашкана, медициналык кабинет, тарбиячынын бөлмөсү, кыргыз тили кабинети, методисттин кабинети, ырдоо жана музыка менен машыгуу залы, үй-бүлөлүк билим берүү кабинеттери бар. Бала бакчанын аянты жашылдандырылды. Бала бакчада 11 оюн аянтчасы бар. Мектепке чейинки мекеме 420 балага ылайыкталган, бирок жаңы технологияларды колдонуу менен бала бакча 600 балага ылайыкташтырылган.
№9 балдар музыкалык мектебинин курулушу аяктап колдонууга берилди. Долбоордун негизинде мектеп 3 кабаттан турат, жалпы аянты 1 113 м2. Жаңыланган мектеп бардык заманбап талаптарга жана стандарттарга жооп берет, мектепте 35 мугалим (мурда 28 болчу) иштеп, 230 окуучу (мурда 192 болчу) билим алууда.
Суу ташкынынын алдын алуу
Шаардык муниципалитет ӨКМ менен биргеликте суу ташкындарынын алдын алуу иш-чараларын өткөрүп келишет. Алсак, Ленин районуна караштуу «Манка-Жар» коктусунда жайгашкан 2 сел тосуучу каналдын ичи механикалык тазалоодон өткөрүлүп, сел тосмого толгон 9325 м3 ылай, топурак чыгарылып, натыйжасында Арча-Бешик конушунун 230 турак үйлөрү жана алардын короолору корголгон. Бүгүнкү күндө, жергиликтүү бюджеттин эсебинен (Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан) 2024-жылга бөлүнгөн 7 188 000 сом акча каражатынын эсебинен Ленин районунун Кочкор көчөсүнөн Л.Толстой көчөсүнө чейинки тилкеде Ала-Арча дарыясынын жээгинен урап калган тирек дубалдарын кайрадан куруу иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
«Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы тарабынан 2024-жылдын 9 айында Ала-Арча дарыясы 11 800 ч.м. узундукта тазаланды. Биринчи май району боюнча жалпысынан 2600 метр ачык дренаж жана 650 метр жабык дренаж тармагы тазаланды, ошондой эле АТРдин алкагында жаңы кошулган Пригород жана Маевка муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагында жайгашкан кооптуу 6000 метр арык тармагы жана 200 метр дренаж тармагын тазалоо боюнча иштер жүрүгүзүлдү.
Аламүдүн суусунун нугун Жибек Жолу проспектисинен баштап Күренкеев көчөсүнө чейинки аралыкта ӨКМ тарабынан Экскаватор дөңгөлөктүү Жон-янг 621Е техникасы менен механикалык тазалоо иштери аткарылды. Свердлов району боюнча коллектордук – дренаждык түйүндөрдүн жалпы узундугу – 39468 ч/м., анын ичинен ачык дренаж – 31918 ч/м., жабык дренаж – 7550 ч/м. түзөт. 2024-жылы КДС тазалоо – 31325 ч/м., техника менен тазалоо – 2794 ч/м. тазаланды.
“Бишкек жашыл курулуш” муниципалдык ишканасы тарабынан “Аламүдүн” дарыясынын нугун механикалык тазалоо иштери жана жээгин бекемдөө иштери жүргүзүлдү.
2024/2025-жылдын күз-кыш жылытуу мезгилине даярдык
2024/2025-ж. күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн электр жана жылуулук энергиясын өндүрүү үчүн төмөнкүдөй көлөмдө отун керектелет:
– 1000,0 миң тонна көмүр, анын ичинде 250 миң тонна импорттук көмүр, 750 миң тонна жергиликтүү көмүр керектелет.
2024-жылы 8 буу казанагрегаттары жана 7 турбо агрегаттарды ремонт, № 3, №4 энергоблокту капиталдык ремонт кылуу иштери каралган. 1 буу казан агрегат,4 турбоагрегаттарын оңдоо иштери аяктады, планга ылайык жылдын аягына чейин бүтөт. Ошондой эле № 3 энерго блок капиталдык оңдоо иштери аяктап, ишке киргизүү иштери аткарылууда.
“Бишкек жылуулук энерго”
Ишкананын 103 отканасы бар (АТР менен бирге):
Анын ичинен 58 газ, 19 көмүр, 1 буу менен, 25 электр энергиясы менен. Бүгүнкү күндө баары кыш мезгилине даяр. “Жал” жана “Манас” отканаларынын оңдоо иштери аяктап калды. Ошондой эле 3,0 км. жылуулук тармактары капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.
Кышкы сезонго 3 614 тонна көмүр талап кылынат, азыр алына элек, ТЭЦ аркылуу алуу күтүлүүдө.
“Бишкек жылуулук тармагы”
Ж.Пудовкин, Гоголь көчөлөрүндөгү жылуулук тармактарын реконструкциялоо иштери аткарылды, ошондой эле 7-апрель көчөсүндөгү жылуулук магистралын реконструкциялоо иштери аяктоодо.
Узундугу 1,89 км болгон жылуулук тармактарынын эскилиги жеткен участокторунда оңдоо иштери жүргүзүлдү, үй ичиндеги инженердик тармактарды техникалык тейлөө боюнча 18 154 погондук метр алмаштыруу аткарылган жана 14 насостук станцияларда оңдоо иштери аяктады.
Калкты көмүр менен камсыздоо
2024-2025 жылдардын жылытуу мезгилине (АТР менен бирге) 160,1 миң тонна пландалган, бүгүнкү күнгө калк тарабынан 54,7 миң тонна көмүр даярдалды.
Учурда 10 отун базада, 12,5 миң тонна көмүр бар.
Жеңилдик менен алуучу жарандардын тизмеси такталып, бүгүнкү күнгө 1638 үй-бүлөгө жана 4 социалдык мекемеге 10,0 миллион сом өлчөмүндө акчалай компенсация төлөнүп берилди.
Билим берүү тармагындагы жаңылануу
– 120 мектеп ( 238,8 миң окуучу, жалпы кубаттуулугу – 102,5 миң орун).
– 116 бала бакча (36,6 миң бала, жалпы кубаттулуугу – 19,3 миң орун).
– 11 616 мугалим иштейт.
– 44 мектепте саат 8 ден эрте сабактар башталат.
– Китеп менен камсыздоо 64,4% кыргызча, 60,4% орусча.
– Капиталдык оңдоо иштери 68 объектте (кошумча экономиядан 16 объект) 200 млн. сомго аткарылды.
Социалдык өнүктүрүү өнүгүү жолунда
Системанын бюджети – 573,7 млн. сом.
Даректүү социалдык жардам – 111,3 млн. сом, 33,6 миң сомго аткарылган. Уюмдардын саны – 10 сүт тамак-ашы менен камсыз кылуу (Карыларга, майыптуулугу бар адамдарга, турмуштук оор кырдаалда турган балдарга) атайын мекемеси.
– Учурда, шаар боюнча 94 200 пенсионер болсо, “үй-бүлөгө көмөк” алуучулар 654 үй-бүлө, алардын ичинен 2236сы бала.
– турмуштук оор кырдаалда – 8251 бала,
– мигранттардын үй-бүлөлөрүнөн 680 бала;
– балдарга карата зомбулуктун 131 учуру катталды;
– 32 бала 12 фостердик үй-бүлөдө аныкталды;
– зомбулуктан жабыр тарткан 140 адамга, анын ичинде 50 аялга, 90 балага кызмат көрсөтүлдү.
Саламаттык сактоо боюнча Бишкек шаарында 34 шаардык саламаттык сактоо уюму шаардыктарга жана меймандарга кызмат көрсөтүүдө.
Борбор калаанын маданият жана спорт тармактары
Музей – 9, Спортмектеп – 12, Китепкана – 39, Театр – 1, Маданият үйлөр – 7, Балдар искусство мектеби – 10.
Бюджеттен Маданиятка – 542,0 млн. сом, 363, 3 млн. сом жана спортко – 509, 1 млн. сом, 335, 5 млн. сом каржыланды.
Ататүрк паркындагы мыйзамсыздыктар…
– Мустафа Кемал Ататүрк атындагы парктын чек аралары 107,0 га аянты менен Бишкек шаардык мамлекеттик администрациясынын «СССРдин 50 жылдыгы» паркынын аймактарын коргоо үчүн бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген чектердин чегинде бекитилди. Шаардык парктардын жана эс алуу жайларынын бирикмесинин учурдагы тейлөө жана көрктөндүрүү үчүн пайдалануусу» 1992-жылдын 25-июнундагы № 225 Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын (Бишкек шаарынын мэриясы жана Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь администрациялык округу боюнча муниципалдык башкармалыгы) мурда кабыл алынган бардык чечимдери (токтомдору) тиешелүү парктын чектеринде жайгашкан жеке жана юридикалык жактарга жер учас-токторун менчикке жана/же пайдаланууга берүү жөнүндө
Паркта 198 объект бар.
Курулган аянт 43 гектарды түзөт.
Жер берилген жылдар: 90-жылдардын ортосунан 2010-жылга чейин берилген.
– жер участокторуна укук белгилөөчү бардык документтерди сот аркылуу жокко чыгаруу;
– парктын аймагында мыйзамсыз курулган кыймылсыз мүлк объектилерин бузуу;
– күнөөлүү адамдардын эсебинен паркка келтирилген зыянды калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүү;
Бүгүнкү күндө кандай иштер аткарылып жатат:
- Шаардык мэриянын токтомдорунун архивдик көчүрмөлөрү алынып, сот органдарына доо арыздарды берүү үчүн муниципалдык мүлктү башкаруу департаментине (60) жана жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгына (34) таратылды.
- 4-октябрга карата Бишкек шаарынын сот органдарына 83 доо арыз түшкөн (УКЗ – 43, ДУМИ – 40).
Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы 43 доо арызынын ичинен 26 токтомду жараксыз деп табуу, 3 каттоо органынын аракеттерин жараксыз деп табуу боюнча Бишкек шаарынын административдик сотунда, 14 доо арызы аркылуу муниципалдык аймакты пайдалануудагы тоскоолдуктарды жоюу жана бузуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда каралууда.
Бишкек шаарынын административдик сотунда чечимдерди жараксыз деп табуу боюнча муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин 40 доо арызы каралууда.
- Доонун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу иш боюнча өндүрүштү токтотуу боюнча 10 соттук актысы кабыл алынган, анын ичинен ДУМИнин доо арыздары боюнча 3 соттук актысы (3 даттанылган), УКЗнын доолбору боюнча 7 соттук актысы бар (5 арызданган).
- Парктын чегинде жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча чечим кабыл алган адамдарга укуктук баа берүү жана жоопкерчиликке тартуу үчүн материалдар белгиленген тартипте прокуратура органдарына жөнөтүлдү.
ААР жер мунапысы боюнча кыскача маалымат
2022-жылдын 31-октябрынан азыркы учурга чейин Бишкек шаарынын аймагында жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссиянын 165 отуруму өткөрүлдү:
– 10647кабыл алынган арыздын ичинен 9 378 арыз каралды;
– 3621 жаранга укук белгилөөчү документтер берилген болсо, 96 арыз боюнча баш тартуу чечими кабыл алынган.
Ал эми, 8731 арыз «Бишкек башкы архитектурага» шаар куруу корутундусун даярдоо үчүн жөнөтүлгөн.
Административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Сокулук жана Аламүдүн райондорунан өткөрүп берүү жана кабыл алуу актыларынын негизинде жалпы 18022 арыз документтери менен кошо өткөрүлүп берилген.
Анын ичинен:
Сокулук району –11422 арыз;
Аламүдүн району – 6600 арыз.
Жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссиянын 14 отуруму өткөрүлдү:
– 18022 кабыл алынган арыздын ичинен 2 924 арыз каралды.
– 1329 жаранга укук белгилөөчү документтер берилген.
– 276 кийинки кароого калтырылды (Арест, талаш ж.б.).
– 1660 арыз «Бишкек башкы архитектурага» шаар куруу корутундусун даярдоо үчүн жөнөтүлгөн.
Ленин райондук администрациясы тарабынан 1328 жаранга токтом кабыл алынды. «Бишкек башкы архитектурага» жер тилкесинин долбоорун даярдоо үчүн 1660 жарандын арыздары жөнөтүлгөн.
Свердлов администрациялык районунун аймагында жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссиянын чечими менен «Бишкекбашкы архитектурага» жер тилкесинин долбоорун даярдоо үчүн 141 жарандын арыздары жөнөтүлгөн.
Жер участокторуна байланыштуу талаш-тартыштар «Новопавловка – Ак-Ордо-3» аймагында бир участокко бир нече ээлеринен арыздар келип түшкөндүгүнө байланыштуу бүгүнкү күндө, Комиссиялар тарабынан жеринен ар бир жер участоктору боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө:
1). Свердлов району – 239 участок;
2). Октябрь району – 33 участок;
3). Биринчи Май району – 542 участок;
4). Ленин району – 153 участок.
Жалпысынан – 967 участок.
Жол – инфратүзүм бөлүгү
Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан көчөлөрдүн негизги участоктору аныкталып, алар реабилитациядан өттү.
Ахунбаев, Байтик Баатыр/Абдрахманов, Юнусалиев көчөлөрүндө жана Чүй проспектисинде реабилитациялык иштер аяктады. Быйыл жалпысынан 21,7 чакырым жол реабилитацияланды.
Жолдорду реабилитациялоо үчүн 1 млрд. 633 млн. сом каралып 1 млрд. 45 млн. сомго келишим түзүлгөн.
Учурда Горький көчөсүндө жолдордо реабилитациялоо иштери жүрүп жатат.
Мындан тышкары, «Бишкекасфальтсервис» ишканасы тарабынан 2024-жылга 35 объектте (15 жол, 20 тротуар) капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө, 31 объектте (21 жол, 10 тротуар,) иштер аяктады.
2023-жылы өтүүчү объектилерди бүтүрүү иштери дагы жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө 30 объектте иштер аяктады, 5 объектте иштер жүргүзүлүп жатат.
«Бишкек суу канал» МИ
“Бишкек суу канал” мамлекеттик ишканасы 2024-жылдын 9 айында 10,5 км канализациялык коллектордун курулушу аяктады. 8,03 км суу тармактарын жана 0,24 км канализация тармактарын реконструкциялоо иштери жүргүзүлдү.
– «Северный» суу алгычына 2 скважина (240 метр), «Башкара-Суу» суу алгычына 5 скважина (200 метр) бургулоо иштери жүргүзүлдү. Мындан тышкары, Суу алгычтан Баш-Карасуу айылына чейин Д=150 мм суу түтүгүн орнотуу иштери жүргүзүлдү, узундугу 1,5 км. жана 116 813 суу өлчөгүч орнотулду, алардын ичинен коммерциялык – 18056, бюджеттик – 1402, көп кабаттуу үйлөр – 93 088, жеке үйлөр – 3267.
Бишкек шаарынын тургундары пайдаланган таза суу боюнча тарифтер жаңыртылды. Ал төмөндөгүдөй:
Калкка 1 м.куб – 10,45 сом суу, 3,45 сом канализация.
Бюджеттик мекемеге 1 м.куб – 12,95 сом суу, 4,50 сом канализация.
Өнөр жай 1 м.куб – 18,50 сом суу, 9,00 сом канализация.
Милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы жана 100 жылдык мааракеси менен куттуктоо
Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери!
Ардактуу, ардагерлер!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар жана кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракеси менен Бишкек шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм!
Быйыл өлкөбүздө кыргыз милициясынын кылымдык мааракеси белгиленүүдө. Бул майрам кайраттуу, эр жүрөк, элдин сыймыгына татыктуу, эл жерибизди,
коомду кылмыштардан коргогон, элибиздин тынччылыгын жана бейкутчулугун сактаган эр азаматтардын майрамы.
Сиздер алдыңыздарга коюлган милдеттерди – коомдук тартипти сактоо, мыйзамдын ар кандай бузулушуна жол бербөө, анын талаптарын так жана таза аткарып, күн-түн дебей иштеп, элибизге кызмат өтөп келесиздер.
Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ак ниет эмгеги, талыкпас мээнети, күчтүү, коопсуз жана адилеттүү коом куруудагы аракети үчүн терең ыраазычылык билдирем.
Сиздерге чын ден соолук, үй-бүлөңүздөргө бакубат жашоо, ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм. Ар дайым эл жерибизди коргоп, ак кызмат кылышыңыздарга тилектешмин!
Даярдаган: Жыпара ЖЭЭНАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”