Президент Садыр Жапаров кечээ, 10-ноябрда, иш сапары менен Сауд Аравия Падышалыгынын Эр-Рияд шаарына кезексиз Биргелешкен араб-ислам саммитине катышуу үчүн жөнөп кетти.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:
— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
— президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
— Кыргызстандын Сауд Аравия Падышалыгындагы элчиси / Ислам Кызматташтык Уюмундагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү Улукбек Марипов.